Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Аламүдүн айылдык кеңешинин 2018-жылдны 19 апрелиндеги №69-27 «Аламүдүн айыл аймагынын башкы планын бекитүү жөнүндө»токтому
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ 2018-жылдны 19 апрели №69-27 Аламүдүн айыл аймагынын башкы планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 18-беренелерин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Аламүдүн айылдык кеңешинин “Өнөр жайды, сооданы, чакан жана орто бизнести, коммуникацияларды, курулушту, архитектураны өнүктүрүү, жер-агрардык маселелер жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча”, “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну, миграцияны, эмгекти, социалдык саясатты жана саламаттыкты сактоо өнүктүрүү боюнча” туруктуу депутаттык комиссиялардын пикирин эске алуу менен ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн районун Аламүдүн айыл аймагынын башкы планы бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтомду ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн адистерин, депутаттарды, муниципалдык ишканалардын жетекчилирин тартуу менен жумушчу топ түзүлсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы, Аламүдүн айылдык кеңешинин төрагасы жалпы пайдалануудагы жолдордун чектеп бөлүү тилкесинен тышкары жайгашкан зарыл болгон инфра түзүмдү жана инженердик коммуникацияларды эске алуу менен жеке турак үйлөрүн курууга жер тилкелерин бөлүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо “Өнөр жайды, сооданы, чакан жана орто бизнести, коммуникацияларды, курулушту, архитектураны өнүктүрүү, жер-агрардык маселелер жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча”, “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну, миграцияны, эмгекти, социалдык саясатты жана саламаттыкты сактоо өнүктүрүү боюнча” туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага:
А. Филимоненко
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон