Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Аламүдүн айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31 февралындагы №54-27 «Аламүдүн жана Ленин айыл аймактарынын ортосундагы чектеш жерлерди бекитүү жөнүндө»токтому
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ 2018-жылдын 31 февралы №54-27 Аламүдүн жана Ленин айыл аймактарынын ортосундагы чектеш жерлерди бекитүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы токтомуна ылайык, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 5-ноябрындагы № 229-б буйругунун негизинде жана Ленин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 12-февралындагы № 51 “Аламүдүн районунун Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын ортосундагы чектеш жерлерди бекитүү жөнүндө” токтомуна жана Ленин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 12-февралындагы № 52 “Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурундагы жер үлүшүн Аламүдүн айыл аймагына өткөрүүнү макулдашуу жөнүндө” токтомуна ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын ортосундагы административдик чек аралар № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын ортосундагы чектеш жерлерди белгилөөгө жана аныктоого байланыштуу Садовое айылындагы анклавдардын жер участокторун алардын максаттуу багытын жана менчик формаларын өзгөртпөй № 1 тиркемеге ылайык контурлары менен өткөрүп берүү жактырылсын.
3. Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурундагы жалпы аянты 41,5 га жер үлүшүн Аламүдүн айыл аймагынын административдик чек арасына өткөрүп берүү жактырылсын.
4. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы ушул токтомду белгиленген мыйзам тартибинде бекитүүнү сурансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага:
А. Филимоненко
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2021-жылдын 02-февралындагы № 231-27 "Буга чейин 2018-жылдын 22-февралында чыгарылган № 54-27 “Аламүдүн районунун Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын…Постановление · 02.02.2021 · № 231-27
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2018 жылдын 22-февралындагы №58-27 "ЖТК үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө"токтомуПостановление · 22.02.2018 · № 58-27
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2014 · № 114 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65