# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 23-апрелиндеги № 134 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башкаруу структурасын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 23-апрелиндеги № 134 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башкаруу структурасын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1908/edition/375983/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 23-апрелиндеги № 134 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башкаруу структурасын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы (10.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4271

---

КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 23-апрели ПЖ № 134 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башкаруу структурасын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына өзгөртүү киргизүү тууралу (Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а. 2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 273 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Социалдык-экономикалык милдеттерди жана шаардын жаңы курулуштарынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүүдө Бишкек шаарынын райондорунун администрацияларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Бишкек шаарынын жерлерин өз бетинче бөлүштүрүү менен байланышкан маселелерди оперативдүү жөнгө салуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. (Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а. 2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 273 Жарлыгына ылайык күчүн жоготкон)

2. Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын орунбасарларынын бирине эмгек акы төлөө "Мамлекеттик кызматчылардын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 1-августундагы № 196 (КПҮ) Жарлыгы менен белгиленген нормалардын чеетеринде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаарынын райондук администрациялары өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
