# Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 20-августундагы №125-27 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 20-августундагы №125-27 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 125-27
- Кабыл алынган күнү: 20.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/427095>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-60125/edition/991935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/427095.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 20-августундагы №125-27 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу"токтому (20.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/427095

---

АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2019-жылдын 20-августу № 125-27 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу Аламүдүн райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим түзүү тууралуу Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Т.Кариповдун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айыл өкмөтү менен Аламүдүн райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын ортосунда түзүлгөн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим бекитилсин.

2. Ушул келишимде аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу нун аткаруу органдарынын укуктарынын жана милдеттеринин аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн

Төрага:

А. Филимоненко
