# Көк-Арт айылдык кеңешинин 2019-жылдын 28-ноябрындагы №9 "Мекемени каттоо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Көк-Арт айылдык кеңешинин 2019-жылдын 28-ноябрындагы №9 "Мекемени каттоо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 28.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/426991>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-60022/edition/988571/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Арт айылдык кеңешинин 2019-жылдын 28-ноябрындагы №9 "Мекемени каттоо жөнүндө"токтому (28.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/426991

---

КӨК АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XV-сессиясы

2019-жылдын 28-ноябры №9 Мекемени каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” , Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө”,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө”жана Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды ,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгу” мыйзамдарынын негизинде , Көк-Арт айылдык кеңешинин Регламентин талкуулоонун негизинде , Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. “Көк-Арт айыл аймагынын Айылдык Кеңеши” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн (мындан ары мекеме). Мекеменин толук фирмалык аталышы:

Мамлекеттик тилде: “Көк-Арт айыл аймагынын Айылдык Кеңеши” мекемеси. Расмий тилде: Учреждение “Айылный Кенеш” Кок-Артского айылного аймака.

2. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы,Жалал-Абад облусу, Сузак району,Жерге-Тал айылы,К.Чолпонкулов көчөсү үй № 2.

3. Көк-Арт айылдык Кеңешинин Регламенти бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты түзүү мекемелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын.

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С. Жуманазаров
