# Кара-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 6-декабрындагы №7/2 Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жыл № 02-4/191 сандуу катын кароо жөнүндө "

- Толук аталышы: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 6-декабрындагы №7/2 Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жыл № 02-4/191 сандуу катын кароо жөнүндө "
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7/2
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/426904>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-59935/edition/986713/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 6-декабрындагы №7/2 Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жыл № 02-4/191 сандуу катын кароо жөнүндө " (06.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/426904

---

КАРА СУУ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу айылдык кеңешинин 17-чакырылышынын 7-кезексиз сессиясы

2019-жылдын 6-декабры №7/2 Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жыл № 02-4/191 сандуу катын кароо жөнүндө Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары Департаментине караштуу Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун 20.11.2019-жылдагы № 02-4/191 сандуу катынын негизиндеги Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 27.06.2008-жылдагы №29 сандуу токтому жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин 7-кезексиз сессиясы \\ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 27.06.2008-жылдагы №29 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

2. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Чатыр-Көл көлүнүн көл баскан аянтынын жээгинен Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин 1989-жыл 31-мартындагы №101 Токтомунун негизинде такталган 1 км кургак жер аянты 1709 га Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун «өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы» деп бекитилсин.

3. Токтомго ылайык жерге ээлик кылуучу иш кагаздарына толуктоолорду каттоого алуу Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.

4. Бул токтом менен Кара-Суу айыл аймагындагы бардык чарба жүргүзүүчү субьектилер, айыл тургундары тааныштырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы К.Барыктабасовго тапшырылсын.

Төрага:

Ж.Иманкулов
