# Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 2-октябрындагы № 103 "Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үйүнө барып социалдык жактан тейлөө боюнча жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 2-октябрындагы № 103 "Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үйүнө барып социалдык жактан тейлөө боюнча жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42683>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4881/edition/980424/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 2-октябрындагы № 103 "Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үйүнө барып социалдык жактан тейлөө боюнча жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө" токтому (02.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42683

---

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XXII сессиясы

2019-жылдын 2-октябры № 103 Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үйүнө барып социалдык жактан тейлөө боюнча жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө

Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үйүнө барып социалдык жактан тейлөө боюнча жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу Т.Каюмовдун жана шаардык кенештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 токтому менен бекитилген “Үйүнө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБОнун” негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Т.Каюмовдун Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үйүнө барып социалдык жактан тейлөө боюнча жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө маалыматы кабыл алынсын

2. Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үйүнө барып тейлөөчу социалдык кызматкерлеринин жол кире маселеси кийинки жылдын бюджетине киргизүү жагы шаардын мэри Р.Абдыназаровго жүктөлсүн

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Төрага

К. Исмаилов
