Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Аламүдүн айылдык кеңешинин «Аламүдүн айыл аймагында “Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө»токтому
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Аламүдүн айылдык кеңешинин 18-апрели 2019-жылдын № 116 токтому менен бекитилген Аламүдүн айыл аймагында “Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө 11 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциясын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук маселелерди аныктайт.
1.2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
Кыргыз Республикасынын Конституциясына; Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине; “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына; “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына; “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына; “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына; Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн эрежелерине (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-декабрындагы № 783 токтому менен бекитилген); Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына. “Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат: калдыктар (өндүрүштүк жана керектөө) – өндүрүү же керектөө процессинде пайда болгон чийки заттын, материалдын, жарым фабрикаттын, башка буюмдардын жана азыктардын калдыктары, ошондой эле өзүнүн керектөөчүлүк касиетин жоготкон, алар пайда болгон жана табылган жерде андан ары пайдаланууга мүмкүн болбогон жана ээлери аларды таштаган, таштоого ниети болгон же зыянсыздандыруу, кайра иштетүү же жайгаштыруу жолу менен кутулушу керек болгон товарлар (продукция); катуу тиричилик калдыктары (мындан ары – КТК) – адамдардын жашоо-тиричилигинин натыйжасында, анын ичинде тамак даярдоодо, турак жайларды тазалоодо жана оңдоп-түзөөдө, үйгө тийиштүү аймакты жана жалпы пайдалануучу жерлерди кармап турууда, турак жайларда үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоодо пайда болгон керектөө калдыктары, ошондой эле үйдөгү күндөлүк тиричиликтеги жараксыз болуп калган буюмдар; таштанды – КТК, ири тыш өлчөмдүү таштанды, керектөө жана өндүрүш калдыктарын кошкондогу бардык таштандылар; калдыктар менен иштөө - калдыктарды чогултуу, сактоо, пайдалануу, зыянсыздандыруу, ташуу жана көмүү менен байланышкан иштин бардык түрлөрү; калдыктарды көмүү - калдыктарды изоляциялоо, ал булгай турган заттардын айлана-чөйрөгө келип түшүшүн четтетүүгө багытталган жана бул калдыктарды андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат; тиричилик калдыктарын жана таштандыны чогултуу – мындай калдыктарды андан ары иштеп чыгуу, иштетүү, зыянсыздандыруу, транспорттоо, жайгаштыруу максатында адистештирилген уюмдардын үй ээлеринен тиричилик калдыктарын жана таштандыны кабыл алуусу жана келип түшүүсү; тиричилик калдыктарын жана таштандыны топтоо – аларды андан ары иштетүү, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу, ташып чыгуу максатында, мындай максаттар үчүн атайын жабдууланган жайларга тиричилик калдыктарын жана таштандыны убактылуу топтоо; тиричилик калдыктарын жана таштандыны ташып чыгуу - тиричилик калдыктарын жана таштандыны адистештирилген уюмдун унаа каражатынын жардамы менен үй ээсинин жеке менчигинде болгон жер участогунун чегинен сыртка ташуу; калдыктарды иштерүү – алардын технологиялык циклинин этаптарында кирешелерди пайдалануу менен байланышкан ишмердик жана/же иштен чыгарылган буюмдарды кайрадан (экинчи ирет) пайдаланууну же кайра иштеп чыгууну камсыз кылуу. II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттири
2.1. Аламүдүн айыл аймагында (мындан ары – Айыл аймагы) “Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
Айыл аймагынын жарандарынын жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын камсыз кылууга; Айыл аймагынын калкынын санитардык-экологиялык бейпилдигин камсыз кылууга.
2.2. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
Айыл аймагында КТК чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча тейлөөлөрдү көрсөтүүнү уюштуруу; аз таштанды чыгаруучу технологиялык процесстерди жайылтуу; таштандыларды чарбалык жүгүртүүгө тартуу үчүн экономикалык түрткү берүү механизмдерин пайдалануу; өндүрүш жана керектөө калдыктарынын жарандардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасирлерине бөгөт коюу; Айыл аймагына тиричилик калдыктарынын жана таштандылардын санкцияланбаган үйүлүп калуусуна бөгөт коюу; айлана-чөйрөнү жана калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы экологиялык, санитардык жана ар кандай талаптарды сактоо; айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө калкка маалымат берүү. III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
3.1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары тирчилик калдыктарын чогултууну, ташып чыгарууну жана иштетүүнү уюштуруу программаларынын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан аларды бекитүү үчүн иштеп чыгат; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет; катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу тарифтерин иштеп чыгат. аткаруу жана колдоо функциялары тирчилик калдыктарын чогултууну, ташып чыгарууну жана иштетүүнү уюштуруу программалары айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин, алардын аткарылышын камсыз кылат; калдыктарды пайдалануу жаатындагы аймактык, ошондой эле мамлекеттик программалардын аткарылышын жана ишке ашышын камсыз кылат; калдыктарга байланышкан кырсыктарга, аварияларга бөгөт коюу чараларын ишке ашырат; калдыктарга байланышкан кырсыктардын, авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды ишке ашырат; компоненттерди (тамак-аш калдыктарын, түстүү жана кара металлдарды, текстилди, айнек, кагаз ж.б.) бөлүп чогултууда каралгандай калдыктарды чогултуунун, сактоонун, дайыма ташып чыгаруунун, зыянсыздандыруунун, иштеп чыгуунун, ошондой эле ведомство алдындагы аймактарда рекультивациялоонун рационалдуу системасын уюштурат; Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана саламаттыкты сактоо мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча калдыктарды топтоочу жана көмүүчү жайларды аныктайт; тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана иштетүү боюнча муниципалдык ишканаларды жана мекемелерди түзөт; тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана иштетүү боюнча муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин уставдарын бекитет; тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана иштетүү боюнча муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана башкы бухгалтерин дайындайт; Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттын чегинде тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана иштетүү боюнча муниципалдык ишканаларды каржылоону жүзөгө ашырат; калдыктарды иштеп чыгуу, кайрадан иштеп чыгуу жана көмүү боюнча жаңы объектилердин курулушун каржылоо, иштеп жаткан объектилерди кеңейтүү жана реконструкциялоо үчүн юридикалык жана жеке жактардан, жергиликтүү бюджеттен жана бюджеттик эмес фонддордон каражат чогултууну уюштурат; калдыктарды пайдалануу, аларды аймактарда сактоонун жана кайрадан иштетүүнүн абалы жөнүндө маалымат менен калкты камсыз кылат. контроль жана көзөмөл функциялары тиричилик калдыктарын чогултууну, ташып чыгарууну жана иштетүүнү уюштуруу программаларынын аткарылышын контролдоону ишке ашырат; тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана иштетүү боюнча муниципалдык ишканалардын ишин контролдоону ишке ашырат; тиричилик калдыктарын чогултууга, ташып чыгарууга жана иштетүүгө бөлүнгөн финансы каражаттарын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууга контроль жүргүзөт; калктуу жайлардын аймактарын кармоонун белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону ишке ашырат.
3.2. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары саясат жана жөнгө салуу функциялары
тиричилик калдыктарын чогултууну, ташып чыгарууну жана иштетүүнү уюштуруу программаларын бекитет; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди бекитет; катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу тарифтерин аныктайт. контроль жана көзөмөл функциялары айыл өкмөтүнүн ишине ага жүктөлгөн Аламүдүн айыл аймагында “Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт. IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз аракеттенүүсү
4.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүнү ишке ашырат:
Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын аймактык органдары ж.б.
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
“Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
5.1. “Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген
каражаттарынын; в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөтөн кыз-
маттардан жана иштерден түшкөн кирешелердин;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
6.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары ушул Жободо каралган “Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-декабрындагы № 783 "Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык кызматтарды көрсөтүүнүн Эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.12.2001 · № 783 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон