# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылдын 7-майындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республнкасынын Президентинин 1997-жылдын 5-июлундагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылдын 7-майындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республнкасынын Президентинин 1997-жылдын 5-июлундагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4266>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1903/edition/486024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4266.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылдын 7-майындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республнкасынын Президентинин 1997-жылдын 5-июлундагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы (25.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4266

---

КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 7-майы ПЖ № 164

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

"Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республнкасынын Президентинин 1997-жылдын 5-июлундагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссиянын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү жана анын мамлекет башчысы адамдын жана Кыргыз Республикасынын жараны- нын укуктарынын жана эркиндиктеринин гарантынын конституциялык ыйгарым укуктарын турмушка ашырышында ага көмөк көрсөтүү боюнча ишин өркүндөтүү максатында токтом кылам:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу бо-

юнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 5-июлундагы № 204 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Прези- дентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 3-пунктта:

үчүнчү жана төртүнчү абзацтар бир үчүнчү абзацка бириктирилсин жа- на төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүү: адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жана коргоо механизмдерин өркүндөтүүгө; адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, бул жаатындагы эларалык стандарттарга ылайык келтирүүгө; Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук жактан маалымдар болушун өнүктүрүүгө; адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жагынан эларалык уюмдар, чет өлкөлүк коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө.";

- 4-пунктта:

үчүнчү-сегизинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эр- киндиктерин камсыз кылуу жана коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча чараларды караган ишаракеттердин улуттук планын иштеп чыгууну жана тур- мушка ашырууну координациялайт; аталган чөйрөдө ООНдун, ОБСЕнин жана башка ыйгарым укуктуу элара- лык уюмдардын алдында адамдын жана жарандын укуктарын камсыз кылуу, коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын отчетторун даярдоого жана су- нуш кылууга катышат; Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркин- диктерин камсыз кылуу жана коргоо боюнча мамлекеттик органдардын ишинин мониторингин жүзөгө ашырат; өзүнүн жыйналыштарында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркин- диктерин камсыз кылуу жана коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республика- сынын мамлекеттик органдары сунуш кылган материалдарды (отчетторду, ма- алыматтарды, докладдарды) карайт; Кыргыз Республикасынын Президентине төмөнкүлөр боюнча сунуштарды даярдайт: адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жана коргоо механизмдерин өркүндөтүү; адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, бул жаатындагы эларалык стандарттарга ылайык келтирүү; Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук жактан маалымдар болушун өнүктүрүү; адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жагынан эларалык кызматташтыкты жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү;

- адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу

жана коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Ом- будсмени), өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү тиешелүү мамлекеттик структу- ралар, укук коргоочу жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташат.";

- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"7. Комиссия комиссиянын төрагасынын жана кеминде он мүчөсүнүн ку- рамында түзүлөт, аларды Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет. Комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат, мамлекеттик кызматчы болуп саналат жана Кыргыз Республика- сынын Президентинин Администрациясынын курамына кирет.".

2. Турсунбек Акун Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы

Адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы болуп дайындалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жана Кыргыз Респуб-

ликасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссиянын төрага- сы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча ко- миссиянын жекече курамы боюнча макулдашылган сунуштарды жети күндүк мөөнөттө киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетек-

чиси Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структура- сына жана штаттык санына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана мамлекет башчысынын башка ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ыла- йык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев
