# Боз-Учук айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-январындагы № 1 "Боз-Учук айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксат берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Боз-Учук айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-январындагы № 1 "Боз-Учук айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксат берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42649>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4859/edition/1048937/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Боз-Учук айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-январындагы № 1 "Боз-Учук айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксат берүү жөнүндө" токтому (09.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42649

---

БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 22-январы № 1 Боз-Учук айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксат берүү жөнүндө (2020-жылдын 9-июну № 14 токтомуна ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимлери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин жетекчиликке алып жана Боз-Учук айылдык кенешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги токтомунда көрсөтүлгөн контурлардагы үй куруга берилген жерлерди трансформациядан өткөрүү үчүн айылдык кенеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боз-Учук айылдык кенешинин 25 чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясынын 2009-жылдын 7-апрелиндеги “Айрым айыл чарба багытындагы жер участокторун калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндөгү” токтомунда көрсөтүлгөн төмөндөгү контурларга макулдук берилсин :

-Боз-Учук айыл аймагынын Ново-Вознесеновка айылы боюнча : контур №393- 4.20га , №394 – 0,90 га. №391- 2,10 га. №388 – 1,20 га , №386-0,30 га, № 384- 1,35 га, №385 – 1,35га, №383 – 1,20 га -Ичке-Жергез айылы боюнча : контур №1147- 5,55 га, №1122-8,50 га, №1117-4,05 га, №1213- 0,50 га баардыгы 31,20 га. (2020-жылдын 9-июну № 14 токтомуна ылайык)

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге жүктөлсүн.

Төрага

А. Узакпаев
