# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 1-декабрындагы № 20 «Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону жана комиссиянын сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 1-декабрындагы № 20 «Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону жана комиссиянын сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42647>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4858/edition/980326/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42647.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 1-декабрындагы № 20 «Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону жана комиссиянын сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө» токтому (01.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42647

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 1-декабры № 20 «Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону жана комиссиянын сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 313- беренесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелдеги №120-р буйругу менен бекитилген Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин Кыргыз Республикасынын Жазык - аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, "Пробация жөнүндө" "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик аганттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/126 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштери кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобосунун негизинде, Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин 7 сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин

2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын сандык жана персоналдык курамын 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кызыл-Туу айыл өкмөтү Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агантигинин сайтына жайгаштырсын жана юстиция органдарына каттодон өткөрсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы З.О.Нурмамбетовго жүктөлсүн.

Төрага

К.Ю. Иманалиев
