Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун «И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 3-майы, № 160
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН
ЖАРЛЫГЫ
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик
университетин түзүү жөнүндө
Жогору кесиптик билим берүү системасын андан ары өркүндөтүү, адистерди даярдоонун
сапатын жогорулатуу жана жогорку окуу жайларынын кадр, финансылык жана материалдык по-
тенциалын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында токтом кылам:
1. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 23-июнундагы № 211 "В.В.Маяко-
вский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун кайра түзүү жөнүндөгү"
Указы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө И.Арабаев атындагы Кыргыз мам-
лекеттик университетин түзүү менен байланышкан уюштуруу жана финансы маселелерин чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку
кесиптик билим берүүсүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин шайлоонун
тартиби жөнүндө Жобого ылайык жањы ректор шайланганга чейин бир жумалык мөөнөттө
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректорунун милдеттерин аткаруучу
дайындасын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 1 · байланышкандар: 1
Документке шилтеме берген актылар (1)
Документ шилтеме берген актылар (1)
- Постановление Правительства КР от 3 февраля 2004 года №53 " Об утверждении нормативных и правовых актов, регулирующих деятельность образовательных организаций высшего и среднего…Постановление · 03.02.2004 · № 53 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о порядке выбора руководителей государственных образовательных организаций высшего профессионального образования Кыргызской Республики (Утверждено постановлением…Положение · 03.02.2004 · № 53 · Күчүн жоготкон