# Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 118 "Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 118 "Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 24.10.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42639>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4853/edition/980076/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42639.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 118 "Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому (30.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42639

---

Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 24-октябры № 118 Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн (канализациянын) шаардык системасынын иштөөсүн, соркыскыч-энергетикалык жабдыктарды модернизациялоону, суу түтүк-канализациялык тармактарды реконструкциялоону, Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүнө сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз берүүнү, агынды сууларды кабыл алууну камсыздоо, суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) кызматтарына тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирүү, ошондой эле финансылык милдеттерди аткаруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 15-ноябрынан баштап Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-июнундагы № 146 "Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому өз күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Ж. Абиров

Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 118 токтомуна тиркеме

Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө ТАРИФТЕР

Керектөөчүлөрдүн аталышы

Суу менен жабдуу - ичүүчү сууну берүү, сом (1 куб.м үчүн) салыксыз

Сууну бөлүштүрүү (канализация) - агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо, сом (1 куб.м үчүн) салыксыз

Калк

8,10

2,30

Бюджеттик уюмдар

9,10

3,00

Башка керектөөчүлөр

13,00

6,00

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси

М. Алымбеков
