# Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 1-октябрындагы №1 "Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 1-октябрындагы №1 "Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 01.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/426319>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-59359/edition/1044510/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 1-октябрындагы №1 "Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө"токтому (01.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/426319

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХVI СЕССИЯСЫ

2019-жылдын 1-октябры №1 Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 43-беренесинин, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 54-главасынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 13-сентябрындагы №133 токтомуна ылайык, Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсүн угуп, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын №1, №2 протоколдору бекитилсин.

2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен сессияга катышкан 31 депутаттан 25 депутаттын добушун алган талапкер Молдокадыров Нурбек Асыранкулович Нарын шаарынын мэри болуп шайланды деп эсептелсин.

3. Токтом Нарын шаардык Кеңешинин расмий сайтына жарыялансын.

Төрага:

Ж. Ботоканов
