# Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 02-августундагы №5 "Каражат ажыратуу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 02-августундагы №5 "Каражат ажыратуу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/426258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-59298/edition/975653/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 02-августундагы №5 "Каражат ажыратуу жөнүндө"токтому (02.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/426258

---

КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги VI I сессиясы

2019-жылдын 02-августу №5 Каражат ажыратуу жөнүндө Орто-Суу айылынын тургуну 01.06.1988-жылы туулган Д.Токтошовдун оруусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук госпиталынын Гастроэнтерология бөлүмүнүн, Ала-Бука аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарындагы “Сухроб мед центр” ооруканасынын медициналык корутундуларын окуп, Индия мамлекетинде болуучу боорду которуштуруу операциясына ири суммадагы акча каражатынын зарылдыгы тууралуу маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомунун негизинде Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Учурда үй-бүлөлүк шартынын колдоого муктаждыгын жана ири сумма керектелүүчү операцияны эске алып, боорун алмаштыруу боюнча Индия мамлекетинде боло турган Орто-Суу айылынын тургуну Токтошов Динмухамет-Алы Уметалыевичтин операциясына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 400 000 (бир миллион төрт жүз миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.

2.Каражатты ажыратып, “Айыл Банк” ААКда ачылган Д.Токтошовдун атайын эсеп счетуна которуп берүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg

веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө 0 жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Айылдык Кеңештин төрагасы:

Н. Жакыев
