# Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 02-августундагы №1 "Жер аянтын сатып алууга каражат ажыратуу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 02-августундагы №1 "Жер аянтын сатып алууга каражат ажыратуу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/426254>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-59294/edition/975645/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 02-августундагы №1 "Жер аянтын сатып алууга каражат ажыратуу жөнүндө"токтому (02.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/426254

---

КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги VI I сессиясы

2019-жылдын 02-августу №1 Жер аянтын сатып алууга каражат ажыратуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы ПЖ №1 “2019-жылды-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомун турмушка ашырууда башка аймактардан келген кесипкөй адистерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында айыл өкмөттүн баланссындагы муниципалдык квартира курууга жер аянтын сатып алуу жөнүндөгү айыл өкмөттүн башкы адиси Ж.Байнаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Айыл өкмөттүн баланссындагы муниципалдык квартира курууга Көк-Таш айылынын Кара-Суу көчөсүнүн № 35 үйүнүн тургуну Стамов Алимжанга таандык 1000 кв.м жер аянтын көп тармактуу кызматтар “Акылдуу кызмат” ЖЧК баалап берген 770 000 (жети жүз жетимиш миң) сомго “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык сатып алууга макулдук берилсин.

2.Жер аянтын айыл өкмөттүн баланссына сатып алуу жана тийиштүү укуктук документтерин мамлекеттик каттоо кызматынан, архитектурадан даярдатуу Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык Кеңештин төрагасы:

Н. Жакыев
