# Достук айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-августундагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 жана 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 токтомун аткаруу жөнүндɵ" токтому

- Толук аталышы: Достук айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-августундагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 жана 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 токтомун аткаруу жөнүндɵ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42624>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4840/edition/979702/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Достук айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-августундагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 жана 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 токтомун аткаруу жөнүндɵ" токтому (10.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42624

---

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 10-августу № 3 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 жана 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 токтомун аткаруу жөнүндɵ

Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин XXIV сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Салык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016- жылдын 11-апрелиндеги № 202 токтому тууралуу берилген маалыматы эске алынсын.

2. Ноокен району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Башкармалыгы менен Достук айыл өкмөтүнүн ортосундагы салык чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөрүп берүү боюнча келишими бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

3. Айыл өкмөтүнүн аймагында жогоруда бекитилген келишимдин негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу жагы У.Бегбаевага, Н.Абдышовго, Нарынбай уулу Топчуга жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Достук айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Мамановго милдеттендирилсин.

Төрага

Э. Мансиркулов
