# Могол айылдык кеңешинин 2019-жылдын 1-июлундагы №2 "Чарбак, Кызыл-Суу айылдарын таза суу менен камсыз кылуу долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Могол айылдык кеңешинин 2019-жылдын 1-июлундагы №2 "Чарбак, Кызыл-Суу айылдарын таза суу менен камсыз кылуу долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/426231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-59271/edition/974046/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Могол айылдык кеңешинин 2019-жылдын 1-июлундагы №2 "Чарбак, Кызыл-Суу айылдарын таза суу менен камсыз кылуу долбоору жөнүндө"токтому (01.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/426231

---

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Могол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы

2019-жылдын 1-июлу №2 Чарбак, Кызыл-Суу айылдарын таза суу менен камсыз кылуу долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Могол айыл аймагынын Чарбак жана Кызыл-Суу айылдарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруу максатында Могол айылдык Кеӊешинин VII -чакырылышынын кезексиз ХVI -сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Могол айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу жана Чарбак айылдарына кѳп жылдардан бери кѳйгѳйлүү болуп келген таза суу менен камсыз кылуу үчүн «Арстанбап-Ата» токой чарбасынын Гумхана токой бѳлүмүнѳн суу кампасын куруу жана суу түтүктѳрүн тартып келүү үчүн 1,23 га трансформациялоого берилген жер аянтынын айыл чарба ѳндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордуна 235410,48 (эки жүз отуз беш миң тѳрт жүз он сом кырк сегиз тыйын) сом акча каражаты Могол айыл ѳкмѳтү тарабынан тѳлѳнсүн.

2. Кѳрсѳтүлгѳн акча каражаты Могол айыл ѳкмѳтүнүн 2215-статьясынан каралсын.

3. Токтомдук аткарылышын камсыз кылуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловко милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айлдык Кеңештин тѳрагасынын орун басары Р.Юлдашевке жүктѳлсүн.

Могол айылдык Кеңешинин тѳрагасы:

Т. Омурзаков
