# Сакалды айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 29-июлундагы №2 "Cакалды айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомун аткаруу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Сакалды айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 29-июлундагы №2 "Cакалды айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомун аткаруу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/426132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-59172/edition/973464/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сакалды айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 29-июлундагы №2 "Cакалды айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомун аткаруу жөнүндө"токтому (29.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/426132

---

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

2019-жылдын 29-июлу №2 Cакалды айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомун аткаруу жөнүндө. Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомунун 10-пунктуна ылайык Сакалды айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомунун 10-пунктуна ылайык 2020-жылдын 31-декабрына чейин көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү убактылуу токтотулган. “Долборлоо” деген көчөлөрдүн аттарынын ордуна расмий аттарды ыйгарып автоматтык каттоо тутумуна жана даректүү регистрге киргизүү зарылчылыгын эске алып,ошондой эле “Долборлоо” деген көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү расмий өзгөртүү болуп эсептелбейт деген корутундуга ылайык Сакалды айылындагы жаӊы конуштардын аты жок бөлүгүнө “Ынтымак”деген ысым ыйгарылсын.

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн 2020-жыл эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү боюнча комиссиясынын төрагасы М.Орозалиевге милдеттендирилсин.

Тѳрага:

Д. Бекназаров
