# Чүй айылдык кеңешинин 2019-жыллдын 14-мартындагы №18/5 "Чүй айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» жана«Ѳнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категорияларына которуу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Чүй айылдык кеңешинин 2019-жыллдын 14-мартындагы №18/5 "Чүй айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» жана«Ѳнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категорияларына которуу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18/5
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/426127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-59167/edition/973454/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/426127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чүй айылдык кеңешинин 2019-жыллдын 14-мартындагы №18/5 "Чүй айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» жана«Ѳнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категорияларына которуу жөнүндө"токтому (14.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/426127

---

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жыллдын 14-марты №18/5 Чүй айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» жана«Ѳнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категорияларына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтому менен бекитилген «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун)» Убактылуу тартибинин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 21 беренесине ылайык, Чүй айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй айыл аймагында жайгашкан «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин, тѳмѳнкү контурларында жайгашкан:

- Садовое айылы, контур № 129 – 7,3 га, 155 – 17,0 га жана 263 – 18,5 га;

- Чүй айылы, контур № 400 – 10,0 га, жалпы аянты 56,8 га сугат айдоо жерлерин«Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан № 129 – 7,3 га, 155 – 17,0 га жана 263 – 18,5 гаконтурларындажайгашканжертилкелерин«Калктуу конуштардын жерлери»категориясына жана № 400 – 10,0 га контурунда жайгашкан жер тилкесин «Ѳнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Ушултоктомду жана жерге жайгаштыруу көктөмөсү менен бирге Чүй райондук мамлекеттик администрациясыны кароосуна жиберилсин.

3. Чүй айыл ѳкмѳтү төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.

4. Ушул токтом «Баласагын оттору» - «Огни Баласагына» коомдук-саясый газетасында расмий жарыялансын.

5. Ушул токтом кол тамгасы коюлгандан тартып күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөЧүй айылдык кеңешинин жер комиссиясына жүктѳлсүн.

Тѳрага:

З.Амангельдиев
