Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чүй айылдык кеңешинин «Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигин Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын оперативдик башкаруу укугуна берүү жөнүндө»токтому
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жыллдын 14-марты №18/4 Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигин Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын оперативдик башкаруу укугуна берүү жөнүндө Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2019 –жылдын 4 –мартындагы №02-2/358 катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2002- жылдын 15 –мартындагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 16 –беренеси, Кыргыз Республикасынын 2011- жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18- беренесинин 2-бөлүмчөсүнө жана Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 230,231 беренелерин жетекчиликке алуу менен, Чүй айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Чүй айылындагы Советская,69 көчөсүндө жайгашкан административдик имаратты Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына убактылуу 2 (эки) жылдык мөөнөтү менен колдонууга берилсин.
2.Чүй айыл өкмөтүнүн башчысына (Ж.Шакеевге) Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен убактылуу берилген муниципалдык административдик имаратты ижарага берүү жөнүндө келишими түзүлсүн.
3.Убактылуу ижарага берилген Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык административдик имараттар баардык коммуналдык чыгымдарын Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан төлөгөнгө милдеттендирилсин.
4.Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан Чүй айылынын Советская, 69 муниципалдык менчик имараттын балансын тактап жана Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Шакеевге милдетүү түрдө билдирилсин.
5.Оперативдик башкаруу колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин имарат Чүй айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.
6.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык комитетинин төрагасы Р.Токомбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага:
З.Амангельдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37