# Лебединовка айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 21-октябрындагы № 2 "Лебединовка айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Лебединовка айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 21-октябрындагы № 2 "Лебединовка айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42591>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4814/edition/977659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42591.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лебединовка айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 21-октябрындагы № 2 "Лебединовка айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө" токтому (21.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42591

---

ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 21-октябры № 2 Лебединовка айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамынын 3- беренесине ылайык, Лебединовка айылдык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Лебединовка айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим 2019-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ш.Солтоновго жүктөлсүн.

Төрага

К.К. Умурбаев
