# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 28-апрелиндеги № 145 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 11-апрелиндеги "Ч.И.Арабаев жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 28-апрелиндеги № 145 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 11-апрелиндеги "Ч.И.Арабаев жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1896/edition/288027/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 28-апрелиндеги № 145 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 11-апрелиндеги "Ч.И.Арабаев жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы (28.04.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4259

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 28-апрели ПЖ № 145

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин

аткаруучунун 2005-жылдын 11-апрелиндеги

"Ч.И.Арабаев жөнүндөгү" Жарлыгына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралу

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун

2005-жылдын 11-апрелиндеги № 111 "Ч.И.Арабаев жөнүндөгү" Жарлыгына

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1-пункттагы "эки ишти айкалыштыруу менен" деген сөздөр алып са-

лынсын:

- 2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги Кыргыз Респуб-

ликасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык ректор шайланганга чейин Кыргыз

мамлекеттик юридикалык академиясынын ректорунун милдеттерин аткаруучуну

дайындасын.";

- төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-

йык келтирсин.";

3-4-пункттар тийиштүү түрдө 4-5-пункттар деп эсептелсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев
