Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Гүлчө айылдык кеңешинин «КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомун турмушка ашырууда Гүлчө айыл өкмөтүндөгү көчөлөргө номерлерди илүү үчүн номер жасатууга акча каражатын бөлүү жөнүндө» токтому
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 37-отуруму
2019-жылдын 15-октябры № 37/6 КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомун турмушка ашырууда Гүлчө айыл өкмөтүндөгү көчөлөргө номерлерди илүү үчүн номер жасатууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн статис-экономисти Г.Ашимованын 2019-жылдын 15-октябрындагы билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн Нарматов, Ысманов, Набережная, Достук, Токтогул, Бөрүбаева, Выглазов, Кызыл-Коргон, Алай, Мадышев, Бөкөнбаев,Нооруз, Кузнечная, Уметалиев, Дароот-Коргон, Дубанаев, ВЛКСМ, Адышев, Курманжан Датка, Исанов, , Ярославль, Г.Ормонова, Б.Саматов, О.Кыдыров, К.Султанов, Белекбаев көчөлөрүнө Жылы-Суу, Кара-Булак, Таш-Короо, Кыркоол айылдарына номер алуу үчүн 100,0 (жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү акча каражаттарын мыйзам чегинде бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин экономика, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага
Жээнбеков Д
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 "Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.10.2017 · № 690 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон