# Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы № 3 "Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайдын курулуш иштеринин 1-этабы бүткөндүгүнө байланыштуу муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы № 3 "Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайдын курулуш иштеринин 1-этабы бүткөндүгүнө байланыштуу муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42546>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4779/edition/975809/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы № 3 "Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайдын курулуш иштеринин 1-этабы бүткөндүгүнө байланыштуу муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (26.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42546

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ

2019-жылдын 26-февралы № 3 Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайдын курулуш иштеринин 1-этабы бүткөндүгүнө байланыштуу муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарынын жана “Турак жай” Кодексинин негизинде, Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган турак жайдын курулуш иштеринин 1-этабы аяктагандыгына байланыштуу депутаттардын талкуусунан кийин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаардык Кеңешинин 5-февраль 2019-жылдагы “Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайды муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө” №1 токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Нарын шаарындагы А.Калыков көчөсүндөгү ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган 2 кабаттуу, 10 батирлүү, 1 (бир) бөлмөдөн турган турак жайды муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын.

Төрага

Ж. Ботоканов
