# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 21-апрелиндеги № 133 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 21-апрелиндеги № 133 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.10.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4254>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1892/edition/288018/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4254.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 21-апрелиндеги № 133 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгы (10.10.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4254

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2005-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 446 Жарлыгына

ылайык күчүн жоготкон

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 21-апрели ПЖ № 133

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН

АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин

Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча

ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

Баткен, Жалалабат, Ош областтарында жана Ош шаарында социал-

дык-экономикалык жана коомдук-саясий кырдаалды андан ары турукташтыруу

жана чыњдоо боюнча чаралардын комплексин турмушка ашырууда көрсөтүлгөн

областтардын борбордук жана жергиликтүү башкаруу органдарынын жана жер-

гиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын тыгыз өзара аракеттенүүсүн

камсыз кылуу жана күчаракеттерин координациялоо максатында, Кыргыз Рес-

публикасынын Конституциясынын 42-статьясын, 46-статьясындагы 1-пункттун

10-пунктчасын жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын

түштүк региону (Баткен, Жалалабат, Ош областтары жана Ош шаары) боюнча

(мындан ары - түштүк регион боюнча) ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызмат ор-

ду уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк регион боюнча ыйга-

рым укуктуу өкүлү жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк регион боюнча ыйга-

рым укуктуу өкүлүнүн милдети түштүк региондо социалдык-экономикалык жа-

на коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу, мамлекеттик башкаруу жана

жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, чарба жүргүзүүчү субъект-

тердин үзүрлүү ишин камсыз кылуу, жарандардын укуктарын жана Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик таламдарын коргоо боюнча бардык зарыл чара-

ларды борбордук башкаруу органдары жана Баткен, Жалалабат, Ош областта-

рынын жана Ош шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен

тыгыз өзара аракеттенүү аркылуу кабыл алуу жана турмушка ашыруу болуп

санала тургандыгы белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетек-

чиси Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк регион боюнча ыйгарым

укуктуу өкүлүнүн талапкерлигин үч күндүк мөөнөттө кароого койсун.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары

менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк регион боюн-

ча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишине ар кандай көмөк жана колдоо

көрсөтсүн;

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка ма-

селелерди чечсин.

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

6. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучу К.Бакиев
