Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кадамжай шаардык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 451 токтому менен бекитилген Кадамжай шаардык мэриясынын штаттык бирдигине 2 башкы адис штаттык бирдигин кошуп берүү жөнүндө» токтому
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы
2019-жылдын 16-августу № 133 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 451 токтому менен бекитилген Кадамжай шаардык мэриясынын штаттык бирдигине 2 башкы адис штаттык бирдигин кошуп берүү жөнүндө (Кадамжай шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-октябрындагы № 144 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча типтүү келишимин бекитип берүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 451 токтому менен бекитилген штаттык бирдикке кошумча 2 башкы адис штаттык бирдигин кошуп берүү боюнча Кадамжай шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 15-августундагы кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрилигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча типтүү келишим бекитилсин.
(2-пункт Кадамжай шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-октябрындагы № 144 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Э. Ураимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Распоряжение Правительства КР от 6 октября 1998 года №436-рРаспоряжение · 06.10.1998 · № 436