# Кыргыз Республикасынын Презитентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 14-апрелиндеги № 103 "Кыргыз Республикасынын финансылык системасынын башкаруу органдарын Кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Презитентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 14-апрелиндеги № 103 "Кыргыз Республикасынын финансылык системасынын башкаруу органдарын Кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4252>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1890/edition/547290/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4252.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Презитентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 14-апрелиндеги № 103 "Кыргыз Республикасынын финансылык системасынын башкаруу органдарын Кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы (27.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4252

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 14-апрели ПЖ № 103 Кыргыз Республикасынын финансылык системасынын башкаруу органдарын Кайра уюштуруу жөнүндө

Мамлекеттик аткаруу бийлик системасында жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы саясаттын алкагында Кыргыз Республикасынын фискалдык органдарынын ишинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин базасында төмөнкүлөр түзүлүү менен ал белгиленген тартипте кайра уюштурулсун:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык полиция башкармасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык полиция башкармасына өзгөртүп түзүлүп, анда мамлекеттик (укук коргоочу) органдын статусу сакталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде төмөнкүлөр боюнча функциялар сакталсын:

- мамлекеттик макроэкономикалык жана бюджеттик-финансылык саясатты иштеп чыгуу жана аткаруу;

- кайра уюштурулган органдар менен бирдикте салык жана бажы саясатын жүргүзүү.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- ачык кадр саясатын жана эмгек акы системасын жүргүзүүнү камсыз кылып, кайра уюштурулган органдар жөнүндө жоболорду бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ушул Жарлыктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу

К.Бакиев
