# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 13-апрелиндеги № 100 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ысыккөл областында "Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун өткөрүү, боюнча Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 13-апрелиндеги № 100 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ысыккөл областында "Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун өткөрүү, боюнча Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.04.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4250>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1888/edition/760699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4250.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 13-апрелиндеги № 100 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ысыккөл областында "Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун өткөрүү, боюнча Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы (13.04.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4250

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 13-апрели ПЖ № 100

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ысыккөл областында

"Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү

өзалдынча башкарууну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун өткөрүү,

боюнча Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Ысыккөл областында "Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана

жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктү- рүү" пилоттук долбоорун өткө-

рүүнүн алдын-ала жыйынтыктары аймактык башкаруунун натыйжалуулугун

олуттуу жогорулатууга алып келбегендигин эске алып, ошондой эле башка-

руу системасын реформалоо процессин тартипке салуу жана мамлекеттик жа-

на жергиликтүү өзалдынча башкаруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды

бир түрдүү колдонуу максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 7-февралындагы

№ 48 "Ысыккөл областында "Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана

жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун өткөрүү

жөнүндө" жана 2004-жылдын 30-сентябрындагы № 316 "Кыргыз Республикасы-

нын Президентинин 2004-жылдын 7-февралындагы Ысыккөл областында "Мамле-

кеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өзалдынча башкару-

уну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо-

лорду киргизүү тууралуу" Жарлыктары ушул Жарлык күчүнө кирген күндөн

баштап колдонулбасын жана күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 7-февралындагы

N 48 "Ысыккөл областында "Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана

жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун өткөрүү

жөнүндө" Жарлыгынын негизинде келип чыккан укуктук мамилелер өз күчүн

сактап кала тургандыгы белгиленсин.

Мындан ары аталган Жарлыктын 2- жана 3-пункттарында каралган масе-

лелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралып

жана жөнгө салына тургандыгы аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Ысыккөл областтык мамлекет-

тик администрациясы бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте өз чечимде-

рин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-

лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президентинин милдеттерин аткаруучу К.Бакиев
