# Закон КР от 12 мая 2001 года № 43 " О внесении изменения в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 12.05.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/425>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-407/edition/769072/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/425.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 12 мая 2001 года № 43 " О внесении изменения в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики" (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/425

---

КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-июлунан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

Бишкек шаары, 2001-жылдын 12-майы № 43

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/425/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-жыл, N 3, 158-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 358-статьянын 3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: "3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтомуна Жогорку соттун отурумунда төрагалык кылуучу, ошондой эле Жогорку соттун катчысы же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун баяндамачы - судьясы кол коет.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/425/st-2)

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/425/st-3)

Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси колдонууга кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан көзөмөл тартибинде каралган иштерге да жайылтылат.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

2001-жылдын 13-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
