# Ак-Чий айылдык кеңешинин 2018-жылдын 5-февралындагы № IX/3 "Ак-Чий айыл аймагындагы “Кара-Гоо” участкасындагы № 1296, № 1298 контурундагы жер участокторун “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуш жерлери” категориясына (трансформациялоо) которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Чий айылдык кеңешинин 2018-жылдын 5-февралындагы № IX/3 "Ак-Чий айыл аймагындагы “Кара-Гоо” участкасындагы № 1296, № 1298 контурундагы жер участокторун “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуш жерлери” категориясына (трансформациялоо) которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: IX/3
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42492>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4731/edition/974775/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Чий айылдык кеңешинин 2018-жылдын 5-февралындагы № IX/3 "Ак-Чий айыл аймагындагы “Кара-Гоо” участкасындагы № 1296, № 1298 контурундагы жер участокторун “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуш жерлери” категориясына (трансформациялоо) которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (05.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42492

---

АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ак-Чий айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

2018-жылдын 5-февралы № IX/3 Ак-Чий айыл аймагындагы “Кара-Гоо” участкасындагы № 1296, № 1298 контурундагы жер участокторун “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуш жерлери” категориясына (трансформациялоо) которууга макулдук берүү жөнүндө

Ак-Чий айыл аймагындагы, Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарын, Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясынын кеңешмесинин 17.06.2010- жылы чыккан чечиминин негизинде, КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 29-ноябрындагы № 702 токтомун жетекчиликке алып, Ак-Талаа районунун Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарын кооптуу келечексиз-деп таап КР жарандык коргоо мыйзамдарына ылайык, аталган айылдарды коопсуз, мурун аныкталган “Жаңы конушка” көчүрүүгө чечим чыгарылгандыгы боюнча макулдук берүү жагын карап жана талкуулап Ак-Чий айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Чий айыл аймагындагы, Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарын, Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясынын кеңешмесинин 17.06.2010- жылы чыккан чечиминин негизинде, “Кара-Гоо” участкасындагы № 1296, № 1298 контурундагы жайгашкан 147 га жер участкасын “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясына (транформациялоо) которууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткаруу жагын Ак-Чий айыл аймагынын окмот башчысы Э.Айыповго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагын озумо калтырамын

Төрага

А. Жунусов
