# Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 150 "Ош шаарында бюджеттик мекемелер, өнөр-жай ишканалар жана коммерциялык уюмдар үчүн таза сууга жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоого төлөнүүчү тарифтерди өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 150 "Ош шаарында бюджеттик мекемелер, өнөр-жай ишканалар жана коммерциялык уюмдар үчүн таза сууга жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоого төлөнүүчү тарифтерди өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42476>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4718/edition/971880/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42476.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 150 "Ош шаарында бюджеттик мекемелер, өнөр-жай ишканалар жана коммерциялык уюмдар үчүн таза сууга жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоого төлөнүүчү тарифтерди өзгөртүү жөнүндө" токтому (26.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42476

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ) 2018-жылдын 26-декабры № 150 Ош шаарында бюджеттик мекемелер, өнөр-жай ишканалар жана коммерциялык уюмдар үчүн таза сууга жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоого төлөнүүчү тарифтерди өзгөртүү жөнүндө

«Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын директору Д.Кокочоровдун таза сууга жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоого болгон тарифтерди өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп, Ош шаардык мэриясынын 2018-жылдын 13-августундагы №750/08-13 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмүнүн 2018-жылдын 9-августундагы №15/61 таза сууга жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоого болгон тарифтерди өзгөртүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2018-жылдын 3-декабрындагы № 15-токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош шаарында бюджеттик мекемелер, өнөр-жай ишканалар жана коммерциялык уюмдар үчүн таза сууга жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоого төлөнүүчү тарифтер төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

- бюджеттик мекемелерге таза суу үчүн 1м3 – 9,65 сом, саркынды суулар үчүн 1м3 – 6,89 сом;

- өнөр-жай ишканаларга таза суу үчүн 1м3 – 16,69 сом, саркынды суулар үчүн 1м3 – 11,31 сом;

- коммерциялык уюмдарга таза суу үчүн 1м3 – 29,28 сом, саркынды суулар үчүн 1м3 – 19,77 сом;

2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 95 токтомунун 1-пунктунун 4,5 подпункттарын жана 2016-жылдын 10-февралындагы № 319 «Ош шаарында бюджеттик мекемелер жана өнөр-жай ишканалары үчүн ичүүчү сууга жана саркынды сууну агызууга төлөнүүчү төлөмдөрдүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ормонов
