# Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 149 "Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 149 "Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42475>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4717/edition/971882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42475.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 149 "Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө" токтому (26.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42475

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ) 2018-жылдын 26-декабры № 149 Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы А.Жунусовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15,16–беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 37 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө башкармалыктын башчысы А.Жунусовдун маалыматы эске алынсын.

2. Ош шаарынын мэриясына (Т. Сарыбашов) жолдорду оңдоонун өзүнө турган наркын төмөндөтүү үчүн жолдор башкармалыгынын өздүк карьерин ачуу боюнча иш жүргүзүү тапшырылсын.

3. Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгына (А.Жунусов):

- жолдордун чуңкурларын жамоо иштеринин сапатын жогорулатуу;

- шаардын аймагындагы жолдордогу жол сызыктарын өз убагында, сапаттуу боңкторду колдонуу менен сызууну камсыздоо тапшырылсын.

4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ормонов
