# Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 147 "Ош шаарынын мэринин 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча отчету жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 147 "Ош шаарынын мэринин 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча отчету жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42471>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4715/edition/971886/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42471.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 147 "Ош шаарынын мэринин 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча отчету жөнүндө" токтому (26.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42471

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ) 2018-жылдын 26-декабры № 147 Ош шаарынын мэринин 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча отчету жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 6-пунктчасына, 44-беренесинин 8-пунктуна жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 281-беренесине ылайык, 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча Ош шаарынын мэри Т.Н.Сарыбашовдун отчетун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кенешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 28 токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алып, Ош шаардык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча Ош шаарынын мэри Т.Н. Сарыбашовдун отчету канаттандыраарлык деп табылсын.

2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):

- 2018-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн сапаттуу аткаруу;

- муниципалдык обьекттерди пайдалануудан түшүүчү кирешелердин толук көлөмдө жана өз убагында жергиликтүү бюджетке түшүүсүн көзөмөлдөө;

- жергиликтүү өнөр-жай ишканаларды колдоо боюнча иш чараларды иштеп чыгуу жана кичи жана орто бизнести өнүктүрүү;

- Ош шаардык капиталдык курулуш жана Ош шаардык жолдор башкармалыктарынын 2018-жылдагы титулдук баракчаларында каралган жумуштарды өз убагында аткарылуусун көзөмөлдөө;

- Ош шаарында калкты таза суу менен камсыздоо масселесин ички жана тышкы каржы булактарды пайдаланып чечүү;

- Ош шаарынын көчөлөрүндөгү курулуштардын архитектуралык сырткы жасалгаларын жакшыртуу боюнча жумуштарды аткаруу;

- Ош шаардык коммуналдык кызматтарынын калкка кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жакшыртуу;

- Ош жана Жалалабад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан курулган көп кабатуу үйлөрдү шаар тургундарына ипотекалык шартта сатуудан түшкөн акча каражатынын эсебинен көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча жумуштарды тездетүү;

- Ош шаарында билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо;

- Ош шаарында Европалык реконструкция жана өнүгүү Банкы тарабынан берилген кредитке тендер аркылуу чоң сыйымдуулуктагы автобустардын жана троллейбустардын сатып алынгандыгын комиссия түзүп карап чыгуу;

- Ош шаарындагы мал союучу жайлардын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун жана санитардык нормага ылайыктуулугун мыйзам чегинде комиссия түзүп карап чыгуу;

- 2019-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен аталган токтомдун аткарылышы боюнча шаардык Кеңешке маалымат берүү милдеттендирилсин.

3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына тапшырылсын.

Төрага

Ж.Ормонов
