# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 2-апрелиндеги № 76 "2005-жылы пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 2-апрелиндеги № 76 "2005-жылы пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4247>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1885/edition/288009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4247.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 2-апрелиндеги № 76 "2005-жылы пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө" Жарлыгы (02.04.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4247

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 2-апрели № 76

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН

АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

2005-жылы пенсиялардын камсыздандыруу

бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө

Кедейликти кыскартуу боюнча Улуттук стратегиянын милдеттерине ыла-

йык жана республиканын пенсионерлеринин жашоо дењгээлин колдоону андан

ары камсыз кылуу максатында токтом кылам:

1. Ушул Жарлык колдонууга киргизилгенге чейин Мамлекеттик пенсия-

лык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

ылайык дайындалышы пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү

2005-жылдын 1-апрелинен баштап төмөнкү шкала боюнча көбөйтүлсүн:

- жалпы өлчөмү 400 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн - 15 процентке;

- жалпы өлчөмү 401 сомдон 600гө чейинкини түзгөн пенсиялар үчүн -

12 процентке;

- жалпы өлчөмү 601 сомдон 700гө чейинкини түзгөн пенсиялар үчүн -

10 процентке;

- жалпы өлчөмү 701 сомдон 800го чейинкини түзгөн пенсиялар үчүн -

8 процентке;

- жалпы өлчөмү 800 сомдон ашыкты түзгөн пенсиялар үчүн - 5 про-

центке.

Муну менен бирге кайра эсептөөдөн кийин ар бир кийинки шкала боюн-

ча пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү мурдагы шкала боюнча

пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн көбөйтүлгөн пенсиялардын өлчөмү Кыргыз

Республикасынын мыйзамы менен белгиленген үстөк акыларды жана компенса-

циялык төлөмдөрдү эске албастан аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 5-майындагы N

105 "Электр энергиясына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пен-

сионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндөгү" Указына ылайык белгилен-

ген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү ушул Жарлыктан келип чыккан пен-

сиялардын өлчөмүн кайра эсептөөгө байланыштуу өзгөрүлбөйт.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсияларды кайра

эсептөөнү өз убагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белги-

ленген жањы өлчөмдөрдө аларды мөөнөтүндө төлөп берүүнү камсыз кылсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Президентинин милдеттерин аткаруучу К.Бакиев
