Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Үч-Терек айылдык кеңешинин «Жерге байланышкан маселелерди кароо жөнүндө» токтому
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кенешинин VI- чакырылылынын кезектеги XXIX-сеесиясы
2015-жылдын 29-августу № 151 Жерге байланышкан маселелерди кароо жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси К. Абазовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХIХсессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Терек айылындагы Кормоцех участкасы 25,0 га, Бишкек-Ош унаа жолунун жээги Күн-Тийбес, Кара-Шагыл участкасы 8,5 га, Үч-Терек-Өзгөрүш унаа жолунун жээги, Сары-Таш каналынын батыш тарабы 2,0 га, Саргата айылындагы Намаздык участкасы10,0 га. Кызыл-Ураан айылынан Ак-Дөбө участкасы 6,0 га, Бел участкасы 15,0 га, Кочкор-Ата участкасы 1,5 га жана Жетиген айылындагы Ак-Жар участкасы 3,0 га жер аянттарына турак-жай салуу үчүн трансформация болгон жерлерди элге тартып берүүдө атайын комиссия түзүлсүн. (комиссия курамы жөнүндо тиркеме тиркелет).
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы трансформация болгон жер участогун алган адам 5-жылга чейинки мөөнөткө жерди сатууга жана белекке берүүгө тыюу салынат. Эгерде жерди 5 жылдык мөөнөттөн мурда мыйзамсыз сатса жери мамлекетке кайтарыльш алынат жана мыйзам чегинде чара колдонулат. Мыйзамсыз курулунггарды жана мыйзамсыз сатылган жерлерди көзөмөлгө алуу жагы жер адиси К. Абазовго жана жер комиссиясынын төргагасы М.Чолпонкуловго милдеггендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т. Урматаевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гaнa кабыл алынды.
Төрага
Ө. Сулайманов
Үч-Терек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын 2015-жылдын 29-августундагы № 151 токтомуна 1 тиркеме
Турак-жай үчүн трансформация болгон жер участокторун КР өкмөтүтүн 2005-жылдын 06-майда чыккан № 177 токтому менен бекитилген жобону жетекчиликке алып,төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
КУРАМЫ.
1. Чолпопкулов Мурат - Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы
МҮЧӨЛӨРҮ:
2. Абазов Калыбай- жер адиси
3. Акылбеков Токтор- депутат
4. Казимидинов Жайлообай - айыл өкмот башчысынын орун басары
5. Сатыбаев Жекше- жайыт комитетинин төрагасы
6. Калматов Нияз- депутат
7. Байеабаев Асылбек- депутат
8. Ажыкулов Байыш- «Үч-Терек инженердик техникаларынын» жетекчиси
9. Жумалиева Инабат- депутат
10. Рысбаев Абдубаи- Айыл өкмөтгүн ага салыкчысы
11. Келгснбаев Майрамбек- Саргата айылынын айыл башчысы
12. Галканчиев Чабан- Жетиген айылынын айыл башчысы
13. Качкынбаев Элмир- Кызыл-Ураан айылынын айыл башчысы
14. Эркинбекова Мээрим- Үч-Терек айылдык кенешинин иш кагачдарын алып баруучусу
15. Туйтулов Шаршенбек- Райондук архитектурасынын адиси
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы N 177 токтому менен бекитилген) "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО"Положение · 06.05.2005 · № 177
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.05.2005 · № 177