# КР Президентинин 2004-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 80 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2004-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 80 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1881/edition/492549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2004-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 80 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы (17.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4243

---

КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2004-жылдын 5-марты ПЖ № 80 Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө Социалдык жактан коргоону камсыз кылуу, ошондой эле социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шартын тартипке салуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Эмгегине акы төлөө Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча аныктала турган билим берүү (жогорку окуу жайларынын кызматкерлеринен тышкары) жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысы 2004-жылдын 1-апрелинен баштап 15 процентке жогорулатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
