# Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы № 184 «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы № 184 «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42426>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4677/edition/971674/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42426.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы № 184 «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому (14.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42426

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ) 2019-жылдын 14-майы № 184 «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 28-апрелиндегы № 231/08-13, 30-октябрындагы № 628/08-13, 28-февралындагы № 148/08-13, 2018-жылдын 1-октябрындагы № 693/08-13, 2019-жылдын 25-мартындагы № 628/08-13 каттарын, «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча сунуштарды кароо боюнча комиссиянын отурумунун 2017-жылдын 13-апрелиндегы № 1, 26-октябрындагы № 2, 2018-жылдын 27-февралындагы № 1, 2018-жылдын 25-сентябрындагы № 2, 2019-жылдын 25-мартындагы № 1 протоколдорун карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы № 203-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 11 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгаруу маселеси Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясында кароого үчүн жылдырылсын.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ормонов
