# Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы № 180 "Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнүн №80 дарегиндеги жер тилкесинин функционалдык багыты жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы № 180 "Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнүн №80 дарегиндеги жер тилкесинин функционалдык багыты жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42422>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4673/edition/971666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42422.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы № 180 "Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнүн №80 дарегиндеги жер тилкесинин функционалдык багыты жөнүндө" токтому (14.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42422

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ) 2019-жылдын 14-майы № 180 Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнүн №80 дарегиндеги жер тилкесинин функционалдык багыты жөнүндө

Ош шаарынын тургуну Ж.Турсункулованын 2019-жылдын 24-апрелиндеги “Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнүн № 80 дарегиндеги жер тилкесинин функционалдык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү” катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу” жөнүндөгү мыйзамынын 8-беренесине, Ош шаардык Кеңешинин регламентинин 104-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 8-майындагы № 28 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын шааркуруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтуна Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнүн №80 дарегиндеги жер тилкесинин функционалдык багытын мыйзам талаптарын сактоо менен көп кабаттуу турак жай куруу үчүн өзгөртүү сунушталсын.

2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) курулуштарга уруксат берүүдө Ош шаарынын А. Масалиев кең көчөсүнүн №80 дарегиндеги шаар куруу түйүнүнүн эскизин эске алуу тапшырылсын.

3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ормонов
