Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин бекитүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ) 2019-жылдын 14-майы № 172 Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 269/08-13 Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө окуучулар үчүн негизги жол акынын 50 пайызын төлөө жана автобус, троллейбустарда электрондук билети жок жүргүнчүлөр үчүн жол акысы 10 сом өлчөмүндө белгилөө жана шаардагы муниципалдык автобус, троллейбустарда Ош шаарындагы ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жеңилдик берилип, аларды акысыз ташуу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 8 токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифтери төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
-кичи автобустарда - 10 (он) сом; -автобустарда - 8 (сегиз) сом; -троллейбустарда - 6 (алты) сом; -мектеп окуучуларына муниципалдык транспорттордо (автобус, троллейбус) -1 (бир) сом, кичи автобустарда - 5 (беш) сом; -тиешелүү кызматтардын аныктамасынын негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары-мектеп окуучулар Ош шаардык мэриясы тарабынан берилген күбөлүк менен кичи автобустарда акысыз ташылсын; -автобустарда, троллейбустарда электрондук карталары жок жүргүнчүлөр үчүн жол акы - 10 (он) сом;
2. Мектеп окуучуларына муниципалдык транспорттордо (автобустарда, троллейбустарда) 2020-жылдын 1-январынан тартып жол акы - 3 (үч) сом өлчөмүндө белгиленсин:
3. Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын автоунааларында (автобустарда, троллейбустарда) төмөндөгү категориядагы жүргүнчүлөр тиешелүү кызматтар аркылуу берилген күбөлүктүн негизинде акысыз ташылсын:
-Жашы боюнча пенсионерлер; -Ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар - I, II топтогу майыптар; -Ош шаарынын Ардактуу атуулдары; -Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аксакалдар соттору; -Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери; -«Ош шейиттери» коомунун мүчөлөрү; -«Ош шамы» гезитинин журналисттери; -Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун алдындагы Ош шаардык кургак учукка каршы күрөшүү эмканасынын медициналык кызматкерлери.
4. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 23-июнундагы V сессиясында кабыл алынган № 45 токтому, 2011-жылдын 16-июнундагы XXVIII сессиясында кабыл алынган № 239 токтому, 2013-жылдын 11-октябрындагы X сессиясында кабыл алынган №128 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Ош шаардык мэриясына (Сарыбашов Т.Н)
-Ош шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын-мектеп окуучуларын тиешелүү кызматтар менен биргеликте иликтеп, тактап, окуучу экенин ырастоочу күбөлүк же бейджик менен камсыз кылуу тапшырылсын.
6. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.
Төрага
Ж.Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 04-июнундагы №38 Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин бекитүү жана Ош шаардык муниципалдык…Постановление · 04.06.2025 · № 38
- Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 25-ноябрындагы № 19 "Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы №172 "Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө жүргүнчүлөр үчүн жол…Постановление · 25.11.2021 · № 19
- Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 11-октябрындагы № 128 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 16-июнундагы XXVIII сессиясында кабыл алынган № 239-«Ош шаарында…Постановление · 11.10.2013 · № 128 · Күчүн жоготкон
- Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 16-июнундагы № 239 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-майындагы XXI сессиясында кабыл алынган №169-«Ош шаарында жүргүнчүлөрдү…Постановление · 16.06.2011 · № 239 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Автомобиль транспорту жөнүндөЗакон · 19.07.2013 · № 154
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219