# Төрт-Күл айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-сентябрындагы №43 "Административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана жаза салуу боюнчаТѳрт-Күл айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн административдик комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Төрт-Күл айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-сентябрындагы №43 "Административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана жаза салуу боюнчаТѳрт-Күл айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн административдик комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/423966>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-58474/edition/970942/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Төрт-Күл айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-сентябрындагы №43 "Административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана жаза салуу боюнчаТѳрт-Күл айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн административдик комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө"токтому (18.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/423966

---

ТӨРТ КҮЛ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Төрт-Күл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышынын XVI-сессиясы

2018-жылдын 18-сентябры №43 Административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана жаза салуу боюнчаТѳрт-Күл айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн административдик комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине, 2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексине жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана жаза салуу боюнча Тѳрт-Күл айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн административдик комиссиялары тууралуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Тѳрт-Күл айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү 10 күн мөөнөттө административдик комиссиянын курамы такталып, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен макулдашылып бекитилсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.

Төрт-Күл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы::

Б.Зарлыков.
