# Люксембург айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-майындагы №102/23/27 "Люксембург жана Киршелк айылдарында жайгашкан имараттарды Люксембург айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Люксембург айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-майындагы №102/23/27 "Люксембург жана Киршелк айылдарында жайгашкан имараттарды Люксембург айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 102/23/27
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/423948>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-58456/edition/970906/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/423948.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Люксембург айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-майындагы №102/23/27 "Люксембург жана Киршелк айылдарында жайгашкан имараттарды Люксембург айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө"токтому (24.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/423948

---

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 24-майы №102/23/27 Люксембург жана Киршелк айылдарында жайгашкан имараттарды Люксембург айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө Люксембург жана Киршелк айылдарында жайгашкан Люксембург а., Ленин к., 164 Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратын; Люксембург айылынын стадионун, Центральная к., н/ж; Киршелк айылынын стадионун, Мичурина к., н/ж; Киршелк айылынын мончосун, Мичурина к., н/ж; Люксембург айылынын тазалоочу курулушун, № 132- контур Люксембург айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке алуу жөнүндө маалыматын талкуулап жанаКыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын,Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Люксембург айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Люксембург жана Киршелк айылдарында жайгашкан төмөнкү имараттарЛюксембург айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин:

а) Люксембург а., Ленин к., 164 Люксембург айылөкмөтүнүн имараты;

б) Люксембург айылынын стадиону, Центральная к., н/ж;

в) Киршелк айылынын стадиону, Мичурина к., н/ж;

г) Киршелк айылынын мончосу, Мичурина к., н/ж;

д) Люксембург айылынын тазалоочу курулушу, № 132- контур.

2. Люксембург жана Киршелк айылдарында жайгашкан жогорудагы көрсөтүлгөн имараттарын муниципалдык менчикке кабыл алынгандан кийин, андан аркы иштөөсүн камсыздоо үчүн, тиешелүү штаттык бирдик кармоого жана кийинки оңдоп-түзөөгө сарпталуучу каражат жергиликтүү бюджеттин каржылоосунун эсебинен жүргүзүлсүн.

3. Люксембург жана Киршелк айылдарында жайгашкан жогорудагы көрсөтүлгөн имараттарын Люксембург айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү иштерин жүргүзүү Люксембург айыл өкмөтүнүн аппаратына тапшырылсын.

4. Тиешелүү иштерди жана юридикалык документтерин бүткөрүү жагы Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысына Э.Буйляшевге жүктөтүлсүн.

Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Кожонов
