Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«2010-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо концепциясы» (Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 4 февраля 2020 года УП № 18 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-02-04.
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 18 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 18-мартындагы № 76
Жарлыгы менен бекитилген
2010-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын
ички иштер органдарын реформалоо концепциясы
Сөз башы
1. ИИОНУ реформалоодогу алгачкы кадамдар
2. Реформалоонун принциптери
3 Реформалоонун максаттары жана милдеттери
4. ИИОНУ Реформалоонун артыкчылыктуу багыттары
4.1. Кесиптик өнүгүү
4.2. Укуктук реформа
4.3. Администрациялык реформа
4.4. ИИОнун коомчулук менен өз ара аракеттешүү жагын реформалоо
4.5. Реформалоонун сырткы белгилери
5. ИИОНУН түзүлүшүн өркүндөтүү
5.1. Криминалдык полиция кызматын өнүктүрүү
5.2. Коомдук коопсуздук кызматынын өнүгүшү
5.3. Уюштуруу-башкаруу блогу
5.4. Камсыздоо кызматтарын өнүктүрүү жана бекемдөө
6. ИИОНУ башкаруу
7. Илимий-изилдөө базасы
8. Эларалык кызматташууну бекемдөө
9. Реформалоонун механизмин ишке ашыруу жана каржылоо
10. Реформалоодон күтүлгөн натыйжалар
Сөз башы
Бул Концепция - катышуучулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ички
иштер органдары, ОБСЕ жана башка Эларалык уюмдар, ошондой эле жарандык
коомдун институттары жана республиканын калкы болушкан - ИИОну реформа-
лоонун стратегиясы боюнча негизги жоболорду камтыган документ болуп
эсептелет.
Бул Концепция Кыргыз Республикасынын ИИМнин алдындагы ички иштер
органдарын реформалоо боюнча комиссия тарабынан "Кыргыз Республикасынын
ички иштер органдарына көмөктөшүү боюнча" жана "Кыргыз Республикасынын
ИИМнин тармактарын стратегиялык реформалоону өткөрүүдө жардам көрсөтүү
үчүн ички иштер органдарынын абалына ар тараптуу баа берүүнүн ОБСЕнин
Программаларынын чектеринде ички иштер органдарынын иш аракеттерин
изилдешкен эл аралык эксперттеринин сунуштарын эсепке алуу менен даяр-
далган".
Бул Концепциянын айрым принциптерин ишке ашыруу эларалык донорлор-
дун, финансылык жана материалдык-техникалык көмөктөшүүсүнө байланыштуу
болот.
1. ИИОНУ реформалоодогу алгачкы кадамдар
Өлкөдөгү демократиялык реформалоону өткөрүүнү талап кылган Кыргыз
Республикасынын ички иштер органдарынын реформалоо ушул тапта, чынында
реалдуу формага ээ болуп баратат. Бул багытта Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлиги менен Европада Коопсуздук жана кызматташуу уюму
жасаган кадамдар орчундуу ролду ойноду.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жарандык коомдун ка-
тышуусу менен ички иштер органдарын реформалоонун ((1) Эскертүүнү ка-
рањыз) өтө маанилүү багыттарын аныктады. Баарынан мурда ага:
- жарандык коомдун демократиялык принциптерин жана коомчулук менен
мамлекеттин коопсуздугуна чыныгы коркунучтуу аракеттерди эсепке алуу
менен ИИМдин тармагын түзүмдүк-функциялык жактан реформалоо;
- артыкчылыктарды алмаштыруу - мамлекеттин кызыкчылыгын коргоону
адам менен жарандын кызыкчылыгын анын укугу менен эркиндигин, мүлкү ме-
нен менчигин коргоо менен алмаштыруу;
- ИИОнун кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин, укуктук мадания-
тын жогорулатуу жана алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө;
- коомчулук менен социалдык өнөктөштүктүн өзара ишенимдүү мамиле-
лерин орнотуу;
- ачыктуулукту, милициянын ишиндеги сырткы отчеттуулукту кењейтүү;
- милицияны - полиция кызматына айландыруу;
- ички иштер органдарынын ченемдик укуктук базаларын өркүндөтүү;
- ИИОнун кызматкерлеринин туруктуу социалдык кепилдигин камсыз кы-
луу кирет.
Ички иштер органдарын реформалоонун биринчи этабында кызматтык те-
рењ талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМинин тармактарын уюш-
туруучулук жана түзүлүш-штаттык, кайра түзүү боюнча чаралар иштелип чы-
гып жана кабыл алынган. Бул кайра түзүүлөр жана коомдук-саясий, социал-
дык-экономикалык шарттарга ылайык, жарандык коомдук демократиялык прин-
циптерин бекемдөөнүн кызыкчылыктарына, өлкөнүн өнүгүүсүнүн жана аракет-
теги чыныгы коркунучту, анын ичинде террорчулукту, диний экстремизмди,
куралдар менен бањгизаттардын мыйзамсыз таркалышынын коопсуздугун кам-
сыздоо боюнча нукура талаптарды эсепке алуу менен ишке ашырылган болуу-
чу.
1999-жылдан ушул кезге чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн администрациялык реформалоонун чектеринде ИИМдин штаттык саны
50%ке кыскартылган.
2002-2003-жылдарда Министрликтин борбордук аппараты менен анын ве-
домстволук айрым түзүлүштөрүн штаттык санын кыскартуу менен түзүлүштүк
реформа ишке ашырылган. Анын максаты орчундуу багыттарда башкаруучулук
таасирди топтоонун, кызматтар арасындагы милдеттерди чектөөнүн эсебинен
оперативдик кызматтык аракеттердин натыйжалуугун жогорулатууда болгон.
Ушул максатта экономикалык кылмыш жана коррупцияга каршы күрөшүү
боюнча Башкы башкармалык, кылмышкерлерди издөө Башкы башкармалыгы, Ко-
омдук түзүлүштөр менен байланыш башкармалыгы, финансы-чарбалык башкар-
малыгы, Укуктук камсыздоо жана эларалык кызматташуу башкармалыгы рефор-
маланган.
Кылмыштуулукка каршы күрөштүн жана коомдук тартипти сактоону или-
мий негизде камсыздоо үчүн колдогу штаттардын зсебинен ИИМдин Или-
мий-изилдөө борбору, маалыматтык технологиялар жана программалык кам-
сыздоо бөлүмү кайрадан түзүлдү.
2002-2003-жылдарда ИИМдин айрым кызматтарын башка ведомстволорго
өткөрүүгө байланыштуу жазаларды аткаруу Башкы башкармалыгы жана ИИМдин
Ички аскеринин 7701-аскерлик бөлүгү Юстиция министрлигине, ал эми Мам-
лекеттик өрткө каршы кызматы Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрли-
гине өткөрүлүп берилген.
Ушуну менен катар эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын
16-сентябрындагы "Бањгизаттарга көзөмөл боюнча Кыргыз Республикасынын
Агенттигинин штаттык саны жөнүндөгү" № 583 токтомун аткаруу иретинде
республиканын ИИОнун штаттык санын кошумча кыскартуу жүргүзүлгөн.
ИИМдин уюштуруу-штаттык түзүлүштөрүндө жана башкаруучулук иш ара-
кеттериндеги оптималдаштыруу иштери үстүбүздөгү жылы да улантылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-декабрындагы "Кыр-
гыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасындагы коррупция-
лык жана экономикалык кылмыштуулуктар менен күрөшүү тармагын өркүндөтүү
боюнча чаралар жөнүндөгү" Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндөгү № 799 токтому-
нун талаптарына ылайык 2003-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын
ИИМинин экономикалык кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча
Башкы башкармалыгы Кызматтык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Башкы
башкармалыкка айлантылган.
Түштүк аймактар аралык уюшулган кылмыштуулук жана диний экстре-
мизмге каршы күрөшүү боюнча башкармалык, бир эле учурда ИИМдин кызмат-
тык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Башкы башкармалыктын курамында
Түштүк аймактар аралык экономикалык аракеттер чөйрөсүндөгү уюшкан кыл-
мышка каршы күрөшүү боюнча аймактар аралык башкармалык болуп түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМинин транспортогу ички-иштер башкармалы-
гы жоюлуп, бир эле учурда 27 штаттык бирдикти кыскартуу менен Кыргыз
Республикасынын ИИМинин темиржол жана аба транспортторунда бөлүмдөр
түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМинин кылмышкерлерди издөө Башкы башкар-
малыгында кайра уюштуруу жүргүзүлүп, натыйжада жеке адамдарга каршы
кылмыштар менен күрөшүү боюнча башкармалык жоюлган. КИББнын
түзүлүшүндө, ичинде "Буйрутма өлтүрүүлөрдүн" бетин ачуу боюнча жањы
бөлүм жана менчикке каршы кылмыштар менен күрөшүү боюнча башкармалыгы
бар, анда мүлктү жана мал уурулук кылмыштары менен күрөшүү боюнча
бөлүмдөр түзүлгөн. 2004-жылдын 20-июлундагы Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн № 38 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын күзөт башкарма-
лыгы республиканын ИИМинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын
департаментине кайра түзүлгөн.
"Мамлекеттик органдар менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү
өзалдынча башкаруу түзүлүштөрүн мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар
жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына өзгөртүүлөр
менен толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин 2004-жылдагы 10-апрелиндеги № 136 Жарлыгын аткаруу иретинде
2000-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин
орунбасарларынын эки бирдиги кыскартылган.
Оперативдик маалыматты терењ талдоо, ошондой эле кылмыштуулукка
каршы күрөшүүдө ИИОнун потенциалын жогорулатуу максатында колдо болгон
штаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын ИИМинин оперативдик талдоо
башкармалыгы түзүлгөн.
Жогоруда аталган чаралар ИИМдин башкаруучулук таасирин күчөтүүгө,
кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой
эле ИИМдин чыгымдарын төмөндөтүүгө багытталган.
Республиканын ИИОуларын реформалоонун контексинде Кыргызстанда ка-
лыптанган жарандык коомдун институтгар менен чыныгы өзара аракетгенүү
механизми, алар менен өнөктөштүк мамилелерди жөнгө салуу үчүн укук тар-
тиби менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөлөрүнүн үстүнөн анын ту-
руктуу жана натыйжалуу көзөмөлүн орнотуу ишке ашырылып жатат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМинин алдында коомчу-
лукта урмат-сыйга ээ адамдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин депутаттарынын, диний өкүлдөрдүн, ЖМКнын, өкмөттүк эмес уюмдардын
эсебинен Коомдук Кењеш түзүлүп, коомдук башталышта иштеп жатат. Коомдук
Кењеш укук бузуулар жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн алдын алуу жа-
гындагы татаал маселелерди талкуулоо жолу менен жагымдуу башкаруучулук
чечимдерди кабыл алып, учурдагы этапта ИИОнун иш аракеттерин уюштуруу
боюнча сунуштарын иштеп чыгышат.
2003-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасы менен ОБСЕнин орто-
сунда ОБСЕнин "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына көмөктөшүү
боюнча" Программасын ишке ашыруу жөнүндөгү биринчи Меморандумга кол ко-
юшкан. Бул программалык документке ылайык, ОБСЕнин көмөк көрсөтүүсү ме-
нен ИИОнун кызматкерлеринин кесиптерин жогорулатуу, техникалык
мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөнүн 8 багыты белгиленген.
2004-жылдын май айынан июлга чейинки мезгил ичинде "Кыргыз Респуб-
ликасынын ИИМинин тармактарын стратегиялык реформалоону өткөрүүгө жар-
дам көрсөтүү үчүн ички иштер органдарынын абалдарынын ар тараптан баа-
лоонун" ОБСЕнин Программасынын чектеринде эл аралык эксперттердин баа-
лоочу миссиясы ишке ашырылган. Ушул концепциянын долбоорун иштеп чыгуу
учурунда бул миссиянын рекомендациялары эске алынган.
2. Реформалоонун принциптери
ИИОну ресформалоонун башкы принциптери:
- мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо артыкчылыгын адам менен жа-
рандардын кызыкчылыктарын, анын укуктары менен эркиндиктерин, мүлкү ме-
нен менчигин коргоо артыкчылыгына алмаштыруу;
- ИИОнун техникалык жабдылуусун күчөтүү жана алардын кызматкерле-
ринин кесиптик чеберчиликтери менен укуктук маданиятын көтөрүү;
- кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн милдеттерин чечүүдө артыкчылык-
тарга багыт алуу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу;
- Кыргызстанда калыптанган жарандык коомдук институттар менен өза-
ра аракеттенүүнү кењейтүү, алар менен иштиктүү өнөктүктү уюштуруу;
- өнөктөштүк эрежелери менен өзара буютмаларды сактоо боюнча коом-
дук мониторингдии өзара алгылыктуу тармактарын орнотуу;
- конкурстук тандоо жана/же шайлануучулук принциптерин сактоо ме-
нен ИИОнун кызматкерлерин дайындоо жана которуштуруу системасын
өзгөртүү;
- бардык кайра түзүлүштөрдү ишке ашыруудагы илимий негиздүүлүк,
жолун жолдоочулук, пландуулук жана ырааттуулук;
- ИИОнун ченемдик укуктук базаларын өркүндөтүү;
- Ички иштер органдарынын жана ички иштер бөлүмчөлөрүнүн өзалдын-
чалыгын кењейтүү менен вертикалдуу башийүүчүлүк учурунда функциялардын
көлөмүн ыњгайлуу негизде бөлүштүрүүгө эсептелген, аларды конкреттеш-
тирүү жана тармактардын ар кандай звенолорунун арасында бөлүштүрүүдө
ИИМ тармагынын бүтүндүгү жана биримдиги;
- тармактын бардык звенолорунда туруктуулук менен мобилдүүлүктү
камсыздоого багытталган башкаруунун ишенимдүүлүгү;
- ИИОдо ачыктык жана мыйзамдын үстөмдүк кылуу прициптерин сактоо-
нун жоопкерчилик, дењгээлин көтөрүү;
- оперативдик абалдын ар кандай өзгөрүшүнө бирдей жана оперативдүү
мамиле жасоо;
- уюштуруучулук түзүлүштөрдүн өтө жөнөкөйлүгү жана ийкемдүүлүгү.
3. Реформалоонун максаттары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын ИИМнин тармактарын реформалоонун башкы мак-
саттары болуп аны жарандардын жана алардын укуктарын, инсанды, менчик-
ти, коомчулук менен мамлекеттин кызыкчылыктарын кылмыштуу кол салуулар-
дан ишенимдүү коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк бергидей абалга алып
келүү, коомчулуктун ањ-сезимдерине таптакыр жањы түшүнүктү, милиция
кызматкерлеринде кадыр-баркты калыптандыруу саналат.
Бул максаттарга жетиш үчүн алдыда төмөндөгү милдеттерди чечуу ту-
рат:
- Кыргызстанда калыптандырылып жаткан жарандык коомдук институтта-
ры менен чыныгы өзара аракеттенишүүчү тармакты уюштуруу, алар менен ту-
руктуу жана натыйжалуу укук тартиби менен кылмыштарга каршы күрөшүүдө
ал чөйрөнүн үстүнөн жарандык коомдун көзөмөлүн орнотуу максаттарында
өнөктөштүктү жөнгө салуу;
- ушул эле максатта ички иштер органдарынын "ачыктыгы" менен от-
четтуулугунун чектерин аныктоо;
- ички иштер органдарынын тармактары аракеттенишкен ченемдик укук-
тук базаларын өркүндөтүү;
- кадрлар менен иштөөнү жакшыртуу, ИИОнун кызматкерлеринин укуктук
маданият дењгээлин, кесиптик, аткаруучулук тартиптеринин дењгээлин жо-
горулатуу;
- материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыздалышын бе-
кемдөө;
- ички иштер органдарынын жеке курамынын укуктук жана социалдык
жактан корголушун күчөтүү;
- ИИОнун кызматкерлерин дайындоо жана которуштуруу тармагын кон-
курстук тандоо же шайлоочулук принциптерин сактоо менен иштеп чыгуу жа-
на киргизүү;
- ИИОну башкаруунун натыйжалуулугун жана кызматтык-күжүрмөн даяр-
дыктарын жогорулатуу;
- оперативтик, кызматтык жана кызматтык-аскердик аракеттердин,
өзүн иш жүзүндө жагымдуу көргөзө алган формаларды, ыкмаларды колдон ке-
лишинче пайдалануу,
- Кыргыз Республикасындагы шарттарга ылайык илимий сунуштарды жана
четөлкөлүк тажрыйбаларды киргизүүнү камсыз кылуу;
- республиканын ички иштер органдарынын КМШ жана дүйнө өлкөлөрүнүн
укук коргоо органдары, тийиштүү эларалык уюмдар менен ишкер кызматташ-
тыгын кењейтүү жана чыњдоо;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин системасынын
өздүк коопсуздугун камсыздоо.
4. ИИОНУ Реформалоонун артыкчылыктуу багыттары
Бул Концепциянын чектеринде көрүлүп жаткан чаралар кесиптик, укук-
тук, администрациялык реформалар жана ИИОнун коомчулук менен өзара ара-
кеттенишүү жагындагы реформаларды жүзөгө ашырууга багытталган.
4.1. Кесиптик өнүктүрүү
Концепция ИИОнун кызматкерлеринин кесиптик дењгээлдери менен тех-
никалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган, жарандын укуктары
менен эркиндигин коргоо коомдук коопсуздук жана кылмыштуулук менен
күрөшүүнү камсыз кылуу боюнча коюлган милдеттерди, алардын натыйжалуу
аткарууну мүмкүн кылаарлык чаралардын комплексин өгкөрүүнү карайт.
- ИИОнун кызматкерлерин окутуу жана техникалык мүмкүнчүлүктерүн
бекемдөө.
ИИОнун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө жана окутуу - ИОнун иш
аракеттеринин кесиптик чеберчиликтери менен натыйжалуулуктарын жогору-
латуунун башкы факторлорунун бири болуп эсептелет. Азыркы учурда мамле-
кеттик бюджет чыгымдоолорунан ички иштер органдарынын, ички аскерлери-
нин натыйжалуу иш аракеттерин камсыз кылуу үчүн керектүү өлчөмдө бөлүп
берүү, анын ичинде Эларалык уюмдар бөлүп жатышкан каражаттарды тартуу
менен дагы, маселелер чечилүүгө тийиш.
ИИОнун бөлүмдөрүн атайын техникалык каражаттар менен жабдууну ке-
ректүү дењгээлге жеткирүү, радио байланыштарга алардын керектөөлөрүн
толук канааттандыруу пландаштырылып жатат. ИИМдин тармактарындагы тех-
никалык базанын өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктоо, ар түркүн жеке
курамдын оперативтик-кызматтык милдеттерин чечүүнүн түрлөрүн эсепке
алуу менен экипировкалоо менен техникалык жабдылышын иштеп чыгуу алдыда
турат. Ички иштер органдарынын тармактарынын маалыматтык коопсуздугун
камсыздоо керек.
Материалдык-техникалык камсыздоодогу артыкчылыкты тактап жана кар-
жылоонун бардык булактарын пайдаланып, продукцияны иштеп чыгуучуларды,
өндүрүүчүлөр менен берүүчүлөрдү конкурстук тандоонун негизинде
бөлүмчөлөрдү пландуу кайра жабдууну ишке ашыруу.
Ички иштер органдарынын жана ички аскерлердин эскирген транспорт
каражаттарын пландуу, өркүндөтүлгөн модификациядагы, байланыштын учуру-
буздагы каражаттарды жана атайын техника менен комплектелген автомаши-
налар менен алмаштыруу. Автотранспорттун санын штаттын нормасына чейин
жеткирүү.
Ички иштер органдарынын транспорттук каражаттарын натыйжалуу пай-
далануу менен тейлөө максаттарында, аларды жањы типтеги диагностика жа-
на ремонт каражаттары менен камсыз кылуу.
- ИИОнун кызматкерлеринин окутуу жана укуктук, кесиптик маданиятын
жогорулатуу.
Коомдук турмуштун демократташуусунун, адам менен жарандык укук ме-
нен эркиндигинин артыкчылыктарын бекемдеп жаткан шарттарда республика-
нын ички иштер органдарынын жеке курамынын арасында мыйзамдуулук менен
кызматтык тартипти бузуу - укук тартибин коргоо органдарынын кадыр-бар-
кын кескин түшүрүүчү жана алардын өкүлдөрүнө болгон ишеним дењгээлин
олуттуу бүлүк түшүрөөрлүк факторлордун бири болуп калат.
Кадрлар менен иштөөнүн мындан ары өнүгүшүнүн бул артыкчылыктуу ба-
гытына байланыштуу кадрларды даярдоо жана тарбиялоо тармактарын сапат
жагынан жакшыртуу, кадрлар менен иштөөнүн ченемдик укуктук базасын
өркүндөтүү болуп эсептелет. Кызматты өтөөнүн жањы тартибин жана шартта-
рын иштеп чыгуу жана өздөштүрүү, кызматчылар менен кызматка талапкерге
квалификациялык талаптарды өркүндөтүү, кызматтык, аскердик жеке курам-
дын физикалык жана моралдык-психологиялык даярдыктарынын тармагынын на-
тыйжалуулугун, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсеби-
нен анын материалдык базасын бекемдөө жолу менен жогорулатууга муктаж.
Кызматтын, ички иштер органдарынын жеке курамы жана ички аскерлер-
ди жарандуулуклун, патриоттуулуктун, мыйзамдар менен тгикалык нормалар-
ды кыйшаюсуз аткаруучулуктун рухий-адептик негиздерин бекемдөө үчүн са-
пат жагынан жањы билим берүү-гарбиялык иштердин жањы тармагын түзүү ал-
дыда турат. Негизги көњүл жекече тарбиялоо иштерине, бөлүмчөлөрдүн же-
текчилери менен максатка багытталган тарбиялоо процесстерин камсыз кы-
лышуучу, тартипти бекемдөөчү кызматкерлерге, моралдык-психологиялык чы-
дамкайлыкты калыптандырууга, жеке курамдын таза психологиялык абалын
колдоого көњүл бурулат.
Ар бир билим берүүчү мекеменин статусун аныктоо менен ИИМдин Ака-
демиясынын жетектөөчүлүк ролуна өзгөчө маани берип. ИИОнун кызматкерле-
рин окутуу жана даярдоо тармагын иштеп чыгуу керектүүдөй көрүнөт.
ИИОнун кызматкерлеринин кесиптик иш аракеттеринде этикалык норма-
лар ажырагыс бөлүгү болуп калууга тийиш. Ушуга байланыштуу "Полиция
этикасынын европалык кодексине" негизделген этикалык кодексти кењири
талкуулап жана кабылдоого муктаж.
Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, ички аскерлеринин, арда-
герлер уюмдарынын, абийир сотторунун, фонддор менен союздардын коомдук
түзүлүштөрүн кайра жандантып, иш аракеттерин активдештирүү алдыда.
Кызматка кабылдоо жана аларды которуштурууда коомдук жана жекече
кепилдик институтун пайдалануунун мүмкүнчүлүгүн эсепке алуу сунушталат.
4.2. Укуктук реформа
ИИОнун учурдагы ченемдик-укуктук базаларын өркүндөтүү Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциясынын жоболорунун негизинде, коомдук өнүгүүнү,
бүтүндөй алганда өлкөнүн укуктук базаларын өнүгүүсүн эске алуу менен
ишке ашырылат.
- ИИОнун укуктук базасын өркүндөтүү. ИИОнун ишаракеттерин жөнгө
салган колдонуудагы мыйзамдардын, жоболордун, инструкциялардын, буйрук-
тардын талаптары ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан, барынан
мурда жарандарды жана алардын укуктарын коргоого, анын укук коргоо
чөйрөсүндөгү негизги демократиялык институт катары ИИОну өнүктүрүүгө
багытталган кайра өзгөрүүлөргө ылайык келе тургандыгына баа берүүнү
жүргүзүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-
лорду киргизүү жолу менен алдын алуу жана кылмыштын бетин ачуу маселе-
лери боюнча алгачкы текшерүү органдарынын ыйгарым укуктары кайра кара-
лып, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, адам укугу менен эркиндигин корго-
ого күч менен каражатты натыйжалуу пайдалануунун бардык мүмкүнчүлүктөрү
түзүлөт.
Кыргыз Республйкасынын ИИМинин тармактарын укуктук камсыздалышын
өнүктүрүү ошондой эле ИИОнун кызматкерлерине жана ички аскерлердин ас-
кер кызматкерлерине, ошондой эле калкка укуктук жактан коргоо ишаракет-
терин жөнгө салуучу ченемдик актылар жөнүндө оперативтүү маалымдоону
карайт.
ИИОнун кызматкерлеринин баары реформалоонун мањызы менен максатта-
рын түшүнүп жана ага жигердүү катышуусунда маанилүү маселе болуп сана-
лат.
- Эларалык укукка интеграциялоо. Адамдын эларалык укугунун жана
ИИОнун тармагын демократиялык кайра түзүүнүн стандарттары боюнча жогор-
ку квалификациалуу юристерди окутуу жана даярдоо талап кылынат.
Эларалык стандарттар боюнча укуктук окутуу ИИОнун кызматкерлерине
ченемдик-укуктук актыларды зарыл талдоодон өткөрүүгө, жањы сапаттагы
укук актыларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
Мындан сырткары, коомду, жарандарды, мамлекетти коркунуч менен
кырсыктардан натыйжалуу коргоого кудуреттүү болгон кылмышка каршы ара-
кеттер алардын илимий талдоосусуз жана үйрөтүлбөстөн түзүлө албайт.
Мында кылмыштуулукту эларалык изилдөөгө интеграциялоо, чет элдик ал-
дыњкы тажрыйбаны үйрөнүү өтө маанилүү.
4.3. Администрациялык реформа
Администрациялык реформа баарынан мурда ИИОнун ар бир кызматкери-
нин эмгек шартын жакшыртууга багытталган.
- ИИОнун кызматкерлеринин квалификациясы жана жеке курамды комп-
лекттөө.
Бара-бара ИИОдо катардагы, офицер курамындагы ар түрдүү кызматка,
анын ичинде жетекчи кызматтарга да конкурстук тандоо киргизилет. ИИО-
лорго жањы келген кызматкерлерди тандоонун жањы критерийлери иштелип
чыгат жана бош орунду убактылуу ээлөөнүн (бош орун тууралуу кулактанды-
руу, конкурстук тандоого бардык каалоочулар катышуусун камсыз кылуу,
жеке документтерин алдын ала иликтөө, кызматка конкурстук тандоо жана
дайындоо) системасы иштелип чыгат. Өздүк курамды комплектөөнүн ачыктыгы
ИИОнун кызматкеринин өзалдынча туруктуу аракеттенишине - кесиптик че-
берчилигин арттырууга шарт түзөт.
Кызмат боюнча көтөрүлүү демилгени колдоого, прогрессивдүү эркин ой
жүгүртүүгө, атаандаштыкка жана жеке сапаттарга негизделүүгө тийиш. ИИО-
нун кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнө жана көзкарандысыздыгына коомчулук-
тун ишеними милициянын кадыр-баркынын тийиштүү өсүшүнө алып келет.
- ИИОнун кызматкерлерин социалдык жактан коргоо. ИИОнун кызматкер-
леринин ишенимдүү социалдык коргоо тармагын түзүү - реформанын ийги-
ликтүүлүгүн аныктоодогу эњ жогорку шарт болуп эсептелинет. Ушуга байла-
ныштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ИИОнун кызматкерлеринин эмгек акы-
ларын жогорулатуунун, эмгек шарттарын жакшыртуунун, ошондой эле ИИОнун
кызматкерлеринин укуктарынын укуктук жана социалдык гарантияларын инс-
титутционалдаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн талдоону жүргүзөт.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери менен ички аскерлердин аскер
кызматчыларынын социалдык жана укуктук гарантияларын жөндөө маселелерин
чечүү мүмкүнчүлүгүн кароо, алардын иш жүзүнө ашырылышын камсыздоо боюн-
ча чараларды көрүү болжолдонууда.
Өздүк курамдын социалдык жактан коргоо системасын өркүндөтүү кыз-
маткерлер менен аскер кызматчыларынын кесиптик өсүшүн колдоого, алардын
кызматтык аракеттеринин натыйжаларын жогорулатууга багытталат.
Ар бир ички иштер башкармалыгында, ички иштердин көлөмдүү шаардык,
райондук органында реабилитациялоо борборлорун (кабинеттерин), баарынан
мурда куралдуу кагылышуу болгон, катаал кырдаалга байланышкан жерлерден
кайтып келишкен кызматкерлер үчүн түзүүнү кароо пландаштырылууда. Мын-
дан ары ведомстволук саламаттыкты чыњдоочу жайлар тармактарын
өркүндөтүү, ички иштер органдарынын жана ички аскерлердин кызматкерле-
рин жана ардагерлерин турак-жай, алардын балдары үчүн мектепке чейинки
мекемелерден орун менен камсыз кылуу боюнча чара көрүү сунушталат.
Ички иштер органдары менен ички аскерлердин кызматкерлерин мамле-
кеттик медициналык камсыздандыруу боюнча негизги милдеттемелерин атка-
рууда мамлекеттик колдоону турмушка ашыруу сунуш этилет.
Ички иштер органдарынын укук бузуучулар менен түзүнөн байланышкан
кызматкерлерин биринчи кезекте камсыздандыруу каралууда.
Мамлекеттик ченемдик актыларда каралган өлчөмдөрдөгү контракт бо-
юнча кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ички ас-
керлердин аскер кызматчылары үчүн турак-жай курулушу боюнча зарыл иш-
терди аткаруу каралууда. Ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана
ички аскерлердин аскер кызматчыларын тийиштүү нормаларга ылайык кызмат-
тык жайлар менен камсыз кылуу. Курулуштарды бүтүрүү жана жањы аскер ша-
арчаларын жана окуу-жай объекттерин жањылоо. Кампалардын, администраци-
ялык-тиричилик имараттарынын, дарылоо, санаторий-курорттук, саламаттык-
ты чыњдоо жана медициналык мекемелердин жетишсиздигин жоюу.
Ички иштер органдарынын айрым кызматтары менен бөлүмдөрүнүн иш
өзгөчөлүктөрүн эске алып, жумуш убактысынын нормасы жагында эмгек мый-
замын камсыздоо чараларын көрүү зарыл. Көп жылдык тажрыйба
көрсөткөндөй, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгү
мыйзам белгиленген жумуш убакыттын нормаларын, эч кандай акчалай кайта-
рымсыз. ашыкча иштешет. Ашык убакыт иштеген үчүн акча каражаттарын
төлөөнүн механизмин иштеп чыгуу керек.
ИИМдин азыркы тармактарында "адам фактору" дээрлик эсепке алын-
байт. ошол эле учурда иштин жагдайы кыйла күчтү жана моралдык кубатты
талап кылат. Ушуга байланыштуу ички иштер органдарынын тармагындагы ай-
рым кызматтар менен бөлүмдөр үчүн иштөөнүн эки сменалуу түрүн карашты-
руу сунуш этилет, бул ИИОнун кызматкерлерине белгиленген сегиз саатын
иштеп, толук кандуу эс алууга мүмкүндүк берет, өз кезегинде бул жакшы
натыйжа берип, кызматкерлердин эмгегинин кайтарымы, жөндөмдөрү тийиштүү
дењгээлге жогорулайт.
Белгиленген ишчаралар ИИОнун кызматкерлеринин ар биринин тапшырыл-
ган ишке жоопкерчилигин, эл алдындагы жоопкерчиликтерин жогорулатууга
тийиш.
4.4. ИИОнун коомчулук менен өзара аракеттенүүсүн реформалоо
Реформалоонун максаттарын жана милдеттерин эсепке алуу менен
төмөндөгү ишчаралар турмушка ашырылат:
- Кыргызстанда калыптанып жаткан жарандык коомчулуктардын, коомдук
мониторингдин институттары менен реалдуу аракеттенүү тармактарын иштеп
чыгуу жана аракеттенип көрүү.
Коомчулук менен өзара аракеттенүүгө олуттуу маани берип, ички иш-
тер органдары коомдук жардамчылар институттарын түзүшөт, ишти
түздөн-түз калк жана өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ) менен тыгыз кызматташ-
тыкта уюштурушат.
Коомдук мониторинг борборун түзүү, Кыргыз Республикасынын ИИМинин
Академиясынын базасында ички иштер органдары үчүн кадрларды даярдоо
тармагын заказ кылуу максатка ылайыктуу болот. Ал болочок кызматташуу
органынын келечегинин үлгүсү боло алмак, негизги милдеттери булар бол-
мок:
- укук тартиби чөйрөсүндө жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жа-
рандык коомдун керектөөсүн камсыз кылуу;
- жарандык сектордогу реалдуу абалды ж.б. эске алуу менен ички иш-
тер органдарынын ишинин сапатын жакшыртуу боюнча ИИМ менен өзара ара-
кеттенүү. ((2) Эскертүүнү карањыз).
- реформанын мањызын ИИОнун кызматкерлеринин өздөрүнө түшүндүрүү.
ИИОнын кызматкерлери коомдун бир бөлүгү болуп саналат жана алардын кыз-
матка болгон мамилесин өзгөртмөйүнчө оњ натыйжаларга жетишүү мүмкүн
эмес. Ушуга байланыштуу, реформа, сөзсүз түрдө ички иштер органдарынын
кызматкерлеринин, көрсөтүлгөн багыттарда көз-карашынын өзгөрүүлөрү ме-
нен коштолушу зарыл. Буга ой-жүгүртүүнүн стереотиптерин өзгөртүү жана
жањы тышкы өзгөрүүлөр - аталыштар, формалык кийимдер ж.б. түрткү боло
алат.
- калктын маалымдар болушун кењейтүү. Ички иштер органдарынын
штабдары, оперативдик абалды талдоо системасынын өзөгү болуу менен бир-
ге, ар бир калктуу конушта жана чөлкөмдөрдө кылмыштуулукту талдоону
жүргүзөт, ошону менен бирге тигил же бул калктуу конуштун ар бир тургу-
нун, өз аймагындагы кылмыштуулуктун чыныгы абалы жөнүндө кабардар кылуу
максатында, ЖМК жана үгүттөөнүн ар кандай каражаттары аркылуу, калкка
оперативдүү абал жөнүндө дайыма маалымдап турат.
ИИОлор өз күчтөрү менен өткөрүп жаткан үйрөтүүчү семинарлар, тре-
нингдер ИИОнун кызматкерлерине - адам укуктарын мыкты өздөштүрүүгө, ко-
омчулук менен ИИОнун ортосундагы ажырымды жоюу менен бирге, атуулдарды
өз укутарына жана ИИОго болгон милдеттерине үйрөтүүгө мүмкүндүк берет.
Атуулдук коомду коопсуздук көйгөйлөрүнө үйрөтүү, ИИОлорду реформалоону
ийгиликтүү ишке ашырууга жана өркүндөтүүгө жеринде катышуу мүмкүнчүлүгү
жаатында түшүнүктү калыптандырат.
4.5. Реформанын тышкы белгилери
Ички иштер органдарын реформалоо процессин алда канча натыйжалуу
кабылдоо максатында, биринчи кезекте:
- "милицияны" полиция" деп кайра атоо;
- ички иштер органдарынын бүтүндөй өздүк курамынын формалык кийи-
мин өзгөртүүнү (кайра кийиндирүүнү) ишке ашыруу зарыл.
Бул ишчаралар атуулдардын, коомчулуктун Кыргыз Республикасынын
ИИОлорун реформалоо процессине карата түшүнүгүн, мамилесин өзгөртүүгө
түрткү болот.
Илимий мекемелерди. ишканаларды жана окуу жайларды, ички иштер
белүмдөрүнүн кызматкерлерине жана ички аскерлерге жањы формалык кийим-
дерди иштеп чыгууга тартуу менен, аны мамлекеттик стандарттан
өткөрүүнү, милдеттүү түрдө экономикалык талаптарды жана сапаттык пара-
метрлерди көзөмөлдөөнү камсыздоо, формалык кийимдер тигилүүчү кездеме-
лерге мамлекеттик стандартты иштеп чыгуу зарыл.
5. ИИОНУН түзүлүшүн өркүндөтүү
ИИОнун системасынын түзүлүшүн өнүктүрүү төмөндөгү багыттарды эске
алуу менен ишке ашырылат:
- курамына кылмыш иликтөө бөлүмдөрү, бањгизат бизнесине, кызматтык
кылмыштарга каршы күрөшүү жана башка оперативдик кызматтар, тергөө
бөлүмдөрү, ошондой эле ИИМнин Эксперттик-криминалисттик Борбору кирген,
криминалдык кылмыштуулукка каршы күрөшкөн кызматтарды вертикалдуу баш
ийдирүү менен криминалдык полиция кызматын түзүү;
- курамына коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоочу кызмат-
тарды, бөлүмдөрдү камтыган коомдук коопсуздук кызматын түзүү;
- курамына Башкы Штаб жана Кадрлар башкармалыгы кирген уюшту-
руу-башкаруу бөлүгүн өркүндөтүү;
- курамына материалдык-техникалык, каржылык, медициналык жана баш-
ка кызматтар кирген камсыздоо кызматтарын бекемдөө жана өнүктүрүү.
Концепция ошондой эле. ИИОнун кээ бир кызматтарына таасир этүүчү
өбөлгөлөрдүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, айыл
өкмөттөрүнө жарым-жартылай берүүнү көздөгөн Кыргыз Республикасынын ИИ-
Минин системасын децентралдаштыруу менен байланышкан маселелерди да
камтыйт.
5.1. Криминалдык полиция кызматын өнүктүрүү
Криминалдык полиция кызматынын ишмердүүлүгүнүн башкы багыты болуп
кылмыштуулукка каршы, өзгөчө анын оор жана өзгөчө оор түрлөрүнө каршы
күрөшүү саналат.
Криминалдык полициянын ишмердүүлүгүн ылайыкташтыруу максатында,
төмөндөгүлөрдүн каралышы сунушталат:
- кылмыш мыйзамына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү, анын
ичинде, ушул кездеги кылмышты сыпаттоо түшүнүгүн башкача ажырымдоо, ал-
сак майда, жењил кылмыштарды административдик-жаза каралган категорияга
өткөрүү,
- кылмыш-процесстик мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду кир-
гизүү, анын ичинде, жењил кылмыштар боюнча сотко чейинки кагаз иштери
боюнча материалдарды жыйноодо полициянын аймактык тескөөчүсүнүн укугун
кењейтүү.
Бул маселелер мыйзам түрүндө жолго коюлса, төмөндөгүлөргө түрткү
болот:
- зор коомдук коркунучту жаратпаган кылмыштарды ачуудан жана
тергөөдөн криминалдык полиция аппараттарын бошотууга;
- кайталанма функцияларды азайтууга.
ООНдун Бањгизаттарды көзөмөлдоө жана кылмыштын алдын-алуу башкар-
малыгынын сунуштарына ылайык, ИИМдин системасында бањгизат бизнесине
каршы күрөшүүчү аппараттарды сактап калуу, алардын ыйгарым укуктарын
Бањгизаттарга контролдук кылуу агентствосунун органдарынан так аныктоо
зарыл.
ИИОнун тергөө аппаратын өнүктүрүү. Жарандардын укуктарын жана
зркиндиктерин коргоо, тергөөчүнүн процесстик өз алдынчалыгын жана көз
карандысыздыгын камсыздоо зарылчылыгы алдыњкы планга чыккан азыркы
шарттарда, тергөө аппараттарынын маанисин, ордун жана ролун аныктоо
жањыча мамилени талап кылат.
Тергөө органдарынын өнүгүшү соттук-укуктук реформанын ишке ашыры-
лышынын чектеринде аткарылат.
ИИОнун тергөө бөлүмдөрүнүн уюштуруучулук кайра түзүүлөрдүн максаты
укуктук базадагы өзгөрүүлөргө, тергөөчүлөрдүн жүгүн илимий негизделген
нормативдерге чейин азайтууга, алардын аракеттерин оор жана өтө оор
кылмыштарды тергөөгө багыттоого ылайык түзүлүштү ыкчамдатууда турат.
Тергөө кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында,
тергөөчүлөрдү кылмыштын айрым категориялары боюнча адистештирүүнү те-
рењдетүүнүн чаралары ишке ашырылат.
Кылмыш бетин ачуунун калыптанган пайыздык көрсөткүчү тергөөнүн са-
патына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгондуктан, оперативдик-кызмат
аракеттерин баалоо критерийлерин кайра кароо сунушталат.
5.2. Коомдук коопсуздук кызматын өнүктүрүү
Коомдук коопсуздуктун дењгээлин жогорулатуу максатында коомдук ко-
опсуздук кызматын анын ичинде коомчулукка багытталган полициянын ишара-
кетинин концепциясын түзүү сунушталат, ал эл жана жергиликтүү өзалдынча
башкаруу органдарынын алдында отчеттуулугунун, мыйзамдын чектеринде ка-
был алынган чечимдердин өз алдынчалыгынын, калк менен полициянын
өнөктөштүгүнүн принциптерине негизделет.
Бишкек шаарынын 1-Май РИИБнүн дењгээлинде коомго багытталган поли-
циянын ишаракеттеринин принциптерин киргизүү боюнча пилоттук долбоор
бүткүл республика боюнча полициянын участкалык ыйгарым укуктуу адамда-
рынын оњ тажрыйбаларын таратуунун башталгыч чекити болуп саналат.
Бул ыкмаларды киргизүү эл менен ИИОнун ортосундагы маалымат алма-
шуунун кењейишине, оперативдик абалды түзүк түшүнүүгө жана болгон масе-
лелерди чечүүдө кыйла тыгыз өзара аракеттенүүгө алып келет.
Ички иштер органдарынын патрулдук-күзөт кызматы жана башка
бөлүмдөрү менен үзгүлтүксүз жана оперативдүү байланышууга чакырылган
кубаттуу бутакталган тармагы бар 102 кызматынын борборлорун мындан ары
өркүндөтүү сунушталат.
Мындай борболор тейленүүчү аймактардагы ички иштер органдарынын
бардык кызматтары жана бөлүмдөрү менен байланышта болууга чакырылган
жана талаптагыдай техникалык, программалык каражаттарга ээ болот,
түшкөн маалыматтарды талдап, аларды тийиштүү оперативдүү кызматтарга
өткөрүп, мыйзамга каршы аракет жасаган адамды табууга жана кармоого
ыњгай түзүүгө чакырылган.
Коомдук тартипти жана көчөлөрдө инсанды коргоо, патрулдук-күзөт
кызматы (ПКК) тарабынан сутка бою, ички иштер органдарынын башка кыз-
маттары менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт. Ошону менен бирге башчылык
роль полициялык күзөттүн оперативдүүлүгүнө, жыйнактуулугуна, патруль
жүргүзүлүп жаткан аймактагы чыр-чатактарды чечүүдөгү алардын жогорку
компетенттүүлүгүнө ыйгарылат.
Жол-патруль кызматын (ЖПК) кайра уюштуруу буларды эске алышы ке-
рек:
- областардын жана Бишкек, Ош шаарларынын ички иштер башкармалары-
нын алдында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдетти атка-
руу үчүн ЖПКынын күжүрмөн жана адистештирилген бөлүмдөрүн түзүү;
- жолдун конкреттүү участкаларына же кварталдарга туруктуу негизде
жол-патруль инспекторлорун бекитүү, ошону менен бирге алардын кырсык
абалы, оперативдик абал, тейлөө участкадагы эл менен өзара аракеттенүү
үчүн жекече жоопкерчиликти жүктөө;
- ички иштердин аймактык органдарында кыйла даярдыктан өткөн жана
окутулган, анын көзөмөлүндөгү аймакта болгон жол-транспорттук окуяларды
каттоо, документтештируү боюнча атайын билимге ээ адамдардын эсебинен
керектүү сандагы ЖПК кызматкерлер бирдигин кароо;
- ЖПКнын кызматкерлери үчүн атайын атрибутикасы бар кийимдин жањы
формасын киргизүү.
ИИОнун паспорт-визалык кызматын мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө
көњүл бурулууга тийиш.
Коомдук тартип менен коопсуздукту камсыз кылуучу кызматкерлердин
кесиптик чеберчилигин жогорулатууга өзгөчө көњүл буруу жана алардын иш
аракеттерин эларалык стандартка ылайык келтирүү керек.
5.3. Уюштуруу-башкаруу блогу
Уюштуруу-башкаруу блогун өркүндөтүүнүн чектеринде ИИМдин Башкы
штабы контролдук-инспекциялык, уюштуруучулук милдеттерден сырткары, ал-
дын-алуу жана кылмыштын бетин ачуу маселелери боюнча криминалдык поли-
ция менен коомдук коопсуздук кызматтарынын ортолорунда байланыштыруучу
звенонун ролу берилет.
Жогоруда аталган функциялардын өзгөргөнүнө байланыштуу, анын баш
ийүүсүнөн төмөнкү бөлүмчөлөрдү өзүнчө кызматка бөлүү мүмкүнчүлүгүн ка-
раштыруу керек .
- маалымат кызматы;
- оперативдүү аракеттенүү бөлүмү, кийин ал Оперативдүү башкаруу
борборуна айландырылат.
5.4. Камсыздоо кызматтарын өнүктүрүү жана бекемдөө
Камсыздоо кызматы ИИОнун бөлүмдөрүнүн алдыга коюлган милдеттерди
натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк бергидей жетиштүү дењгээлде аракеттени-
шин колдоого чакырылган.
Камсыздоо кызматы ИИОнун өтө маанилүү бөлүмдөрүнүн бири болуп
эсептелет, алардын жетиштүү каржылык, материалдык-техникалык ресурстар
менен камсыздоо жолу менен мындан ары бекемдөө жана өркүндөтүлүшү ре-
формалоону күтүлгөн натыйжаларга жетүүгө мүмкүндүк берет. Материал-
дык-техникалык жана каржылык ресурстарды кайра бөлүштүрүү реформалоонун
негизги багыттарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
6. ИИОНУ башкаруу
Ички иштер органдарын башкаруу өлкөнүн мыйзамдары, коомдук жана
техникалык өнүгүшү талап кылган өзгөрүүлөргө карата ийкемдүү болууга
тийиш.
Ички иштер органдарын башкаруу менеджменттин учурдагы түрлөрү ме-
нен ыкмаларына негизделиши керек.
ИИМ ИИОнун жетектөөчү курамынын жана министрликтин борбордук аппа-
ратынын санын көбөйтпөйт. Башкаруу ишаракеттерин жакшыртуу үчүн техни-
калык каражаттар, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө колдонулган башкаруунун
жањы технологиялары пайдаланылат.
Акылга сыярлык чектерде төмөн турган бөлүмдөрдү башкаруучулугун
жоготпостон өз алдынчалыктарын кењейтүү жана ИИМге сыйбас функцияларды
аныктоо жана Кыргыз Республикасынын башка министрликтери менен ведомс-
тволоруна өткөрүп берүү иштерин улантуу керек.
7. Илимий-изилдөө базасы
Кыргыз Республикасында болуп жаткан ар кандай өзгөрүүлөрдү, юрисп-
руденция жагындагы илим жана техниканын өнүгүшүн, ИИОнун иштериндеги
илимий-практикалык изилдөө иштерин жүргүзүү муктаждыктарын эске алып,
Илимий-изилдөө Борборун Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-
нин Илим-изилдөө институтуна кайрадан түзүү керек, анын негизги багыт-
тары булар болот:
- кылмыштуулукту болжолдоо, алардын алдын алуу боюнча превентивдүү
чараларды иштеп чыгуу;
- кылмыштын алдын алуунун жана коомдук тартипти бекемдөөнүн мак-
саттуу программаларын иштеп чыгууну жана турмушка ашырууну илимий кош-
тоо.
- өнүгүү маселелеринин илимий изилдөөлөрүн координациялоо, ички
иштер органдары менен ички аскерлердин ишаракеттерин өркүндөтүү,
- ИИОнун таламдаш кызматтары жана бөлүмдөрү менен бирдикте, алар-
дын аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын иштеп чыгуу
жана өркүндөтүү;
- өлкөнүн ичиндеги, ошондой эле КМШнын чектериндеги илим-изилдөө
мекемелери, окуу жайлар менен өзара аракеттенүүнү уюштуруу;
- КМШнын жана чет өлкөлөрдүн полиция мекемелеринин Кыргыз Респуб-
ликасынын шарттарында алгылыктуу болгон иштеринин түрлөрүн жана ыкмала-
рын өздөштүрүү;
- ИИОнун кызматкерлери үчүн илимий консультацияларды өткөрүү
Илим-изилдөө институтунун штаттык санын алгылыктуу дењгээлге чейин
көбөйтүү, кызматтык айлык акыны кыйла көтөрүү, илимий-практикалык
изилдөөлөрдү өткөрүүгө, алардын натыйжаларын ички иштер органдарынын иш
аракеттеринде сынактан өткөрүүгө чыгымдоо статьясын кароо пландаштыры-
лууда. Бул иш чаралар Илим-изилдөө институтунун иштеринин артыкчылыгын
артырууга багытталат.
8. Эларалык кызматташууну бекемдөө
Кыргыз Республикасынын ИИМинин жана анын бөлүмдөрүнүн эларалык
байланыштарын жакынкы жана алыскы келечекте өнүктүрүү жана бекемдөө би-
ринчи кезекте чет мамлекеттердин полициялары, Интерпол менен иш жүзүндө
өзара аракеттенишүүнү натыйжалуу камсыз кылууга багытталган.
Башка мамлекеттердин укук коргоо органдары менен кызматташууну
оперативдүү-тергөө, илимий-техникалык, статистикалык маалыматтарды,
техника жана курал үлгүлөрүн, аларды өндүрүү технологияларын алмашуу,
биргелешкен жана макулдашылган ишчараларды (оперативдүү-тергөө, илимий
жана илимий-техникалык иштеп чыгууларды, конференцияларды, кењешмелерди
ж.б.) өткөрүү, өзара стажировкаларда болуу, адистерди окутуу түрүндө
ишке ашыруу болжолдонууда.
Кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн жана коомдук тартипти камсыз кылу-
унун практикалык милдеттерин чечүү таламында макулдашылган мамилелерди
жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында республиканынын ИИМинин жана
анын бөлүмдөрүнүн укук коргоо иштериндеги маселелерди
"Токтом" МБ эскертүүсү: Текст түпнускамага ылайык берилген
Эскертүү:
(1) Ички иштер органдарын реформалоо - бул мамлекет тарабынан со-
циалдык-экономикалык тармактар менен түзүлүштөрдүн өнүгүшүнүн сапаттык
жањы максаттары менен милдеттерине ылайык, кадрлар потенциалын, күч ме-
нен каражатты түп-тамырынан өзгөртүүгө же жањыртууга багытталган ањ-се-
зимдүүлүк менен өткөрүлүп жаткан зор өлчөмдүү кайра түзүү чектөөнүн
эсебинен оперативдик кызматтык аракеттердин натыйжалуулугун жогорулату-
уда болгон.
(2) Мындай орган, ички иштер органдарынын - оперативдүү издөө иша-
ракеттерине, тергөө иштерине, башка жабык чөйрөлөрүнө таасири чектелүү
болууга тийиш.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 18 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.02.2020 · № 18
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005 -жылдын 18-мартынын № 76 "2010-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо Концепциясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.03.2005 · № 76 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 10 апреля 2004 года УП №136 "О внесении изменений и дополнения в Указ Президента Кыргызской Республики "О мерах по дальнейшему совершенствованию…Указ · 10.04.2004 · № 136 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жагынан институционалдык жана…Указ · 30.04.2005 · № 149 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Респубдликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-сентябры, №583 "Кыргыз Республикасынын Баѕгизатка контролдук боюнча агентствосунун штаттык саны жөнүндј" токтомПостановление · 16.09.2003 · № 583 · Күчүн жоготкон