# Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 11-июнундагы № 194 "Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 11-июнундагы № 194 "Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42380>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4637/edition/971312/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42380.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 11-июнундагы № 194 "Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому (11.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42380

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ) 2019-жылдын 11-июну № 194 Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-октябрындагы №730 “Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомунун негизинде жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин талаптарына ылайык, Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорлорун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери” боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 29 майындагы № 7 токтомун эске алып, Ош шаардык Кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмү жана штаттык саны № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме №1).

2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-майындагы №234 “Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппараты жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтому жана Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы №310 “Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин иштери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Раимбердиев) жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ормонов

Ош шаардык Кеңешинин 11.06.2019-ж. №194 Токтомдун № \_1\_ тиркемеси

Ош шаардык Кеңешинин Аппаратынын түзүмү

Ош шаардык Кеңешинин Аппарат жетекчисинин м.а. К. Камчиев
