# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005 -жылдын 18-мартынын № 76 "2010-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо Концепциясы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005 -жылдын 18-мартынын № 76 "2010-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо Концепциясы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4238>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1877/edition/1008870/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005 -жылдын 18-мартынын № 76 "2010-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо Концепциясы жөнүндө" Жарлыгы (04.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4238

---

КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 18 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 18-марты № 76

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2010-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын

ички иштер органдарын реформалоо Концепциясы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо, алардын

финансылык, материалдык-техникалык жана кадр потенциалын чыњдоо, жалпы

таанылган принциптерге жана эларалык укуктук ченемдерге ылайык жаран-

дардын укуктары менен эркиндиктерин, менчигин, коомдун жана мамлекеттин

кызыкчылыктарын кылмыштуу кол салуудан ишенимдүү коргоону камсыз кылуу

максатына токтом кылам:

1. 2010-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын ички иштер

органдарын реформалоонун тиркелген Концепциясы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- бул Жарлыкты жүзөгө ашыруу боюнча зарыл иш-чараларды көрсүн;

- ички иштер органдарынын кызматкерлеринин социалдык жактан корго-

лушун күчөтүү маселесин кошуп алганда бул органдын системасын этап бо-

юнча реформалоо үчүн мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу ме-

нен жыл сайын кошумча финансылык жана башка материалдык-техникалык ре-

сурстарды карасын;

- ички иштер органдарын реформалоо процессине финансылык жана ма-

териалдык-техникалык жактан көмөк көрсөтүүгө эларалык уюмдардын жана

донор-өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү тартсын.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Коргоо жана коопсуздук

иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти А.Акаев
