# Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 11-июнундагы № 189 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлундагы №187 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 11-июнундагы № 189 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлундагы №187 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42372>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4631/edition/971322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42372.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 11-июнундагы № 189 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлундагы №187 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (11.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42372

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ) 2019-жылдын 11-июну № 189 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлундагы №187 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 18-мартындагы № 214/08-13 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 30-майындагы № 34 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлундагы № 187 «Ош шаарындагы сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана эсплуатациялоо эрежелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маселе такталып, Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясынын кароосуна сунушталсын.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ормонов
