# Биринчи Май айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-декабрындагы № 58 “Жер участогун бир категориядан башка категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Биринчи Май айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-декабрындагы № 58 “Жер участогун бир категориядан башка категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42357>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4622/edition/971182/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42357.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Биринчи Май айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-декабрындагы № 58 “Жер участогун бир категориядан башка категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө” токтому (19.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42357

---

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 19-декабры № 58 “Жер участогун бир категориядан башка категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө”

“Кыргыз Битум” ЖЧКнун Петровка а. 141-жол айрылышында жайгашкан ага таандык аянты 2,4 га жер участогун айыл чарба багытындагы жерлерди – склад категориясын өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө арызын карап чыгып жана “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 6-бөлүгүнүн 13-абзацына жана 7-беренесинин 5-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун 17-пунктунун 2-абзацынын, жер участогун которуу боюнча райондук комиссиянын 2018-ж. № 1411 актынын корутундусу, Москва райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 246-б “Биринчи Май айыл аймагында жайгашкан жер участогун бир категориядан башка категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө” буюрмасына ылайык, Биринчи Май айыл кеңештин сессиясы, ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Биринчи Май айыл аймагында 141-жол айрылышында жайгашкан аянты 2,4 га жер участогун “айыл чарба багытындагы жерлер” склад (курулуштар) категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

Төрага

С.У. Дунганов
