Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Талас шаар кеңешинин /32-7 «Муниципалдык жана кенже, техникалык тейлөө кызматкерлерине эки айлык өлчөмгө чейин дем берүүчү төлөмдөр жөнүндө»токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезектеги XXXII сессиясы
2019-жылдын 26-июну №206 /32-7 Муниципалдык жана кенже, техникалык тейлөө кызматкерлерине эки айлык өлчөмгө чейин дем берүүчү төлөмдөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү” №31 токтомунун 4-пунктунун 5-абзацына карата түшүндүрмө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Н.С.Момуналиевдин 22-ноябрь 2017-жылдагы № 204 сандуу буйругу, Талас шаардык мэриясынын 2019-жылдын 20-майындагы №01-1/762 катынын негизинде Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №3 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Талас шаарында муниципалдык кызматкерлердин айлык маянасынын аздыгын белгилеп, муниципалдык башкаруунун ролун жогорулатуу жана кадрлардын жетишсиздигин алдын алуу жана дем берүү максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык жана кенже, техникалык тейлөө кызматкерлерине 2019-жылга карата эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен эки айлык өлчөмгө чейин дем берүүчү төлөмдөргө макулдук берилсин жана 2020-жылдан баштап, муниципалдык жана кенже, техникалык тейлөө кызматкерлердин 14 айлык эмгек акы фондусуна кошумча эки айлык өлчөмгө чейин эмгек акы төлөп берүү жергиликтүү бюджеттен каржылансын.
2. Талас каржы башкармалыгына (Ж.Ниязалиев) муниципалдык жана кенже, техникалык тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен эки айлык өлчөмгө чейин акча каражат бөлүп, каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны-Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага
М.Есенкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О местном самоуправлении и местной государственной администрацииЗакон · 12.01.2002 · № 5 · Күчүн жоготкон