# Ак-Суу айыл кеңешинин 2018-жылдын.17-ноябрындагы № 88 "Ак-Суу айыл Өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобону бекитүү жана комиссияларды сунуштоо жонундо"токтому

- Толук аталышы: Ак-Суу айыл кеңешинин 2018-жылдын.17-ноябрындагы № 88 "Ак-Суу айыл Өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобону бекитүү жана комиссияларды сунуштоо жонундо"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/423335>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-57850/edition/965236/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Суу айыл кеңешинин 2018-жылдын.17-ноябрындагы № 88 "Ак-Суу айыл Өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобону бекитүү жана комиссияларды сунуштоо жонундо"токтому (17.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/423335

---

АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы

2018-жылдын.17-ноябры №88 Ак-Суу айыл Өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобону бекитүү жана комиссияларды сунуштоо жонундо Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин,Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин,”Пробация жөнүндө”,Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 17-октябрында “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө ”Жогоруда аталган Типтүү жобого ылайык комиссияларды сунуштоо жонундо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Р.Худаяровдун берген билдирүүсүн угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча малекеттик агентт игинин буйругу жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2. Комиссия жөнүндөгү жобого ылайык комиссия курамына 7 (жети) кишиден турган томонку атуулдар сунушталсын.

Аширов Сыдыкбай айылдык кеңештин депутаты макулдугу менен . Анарбаев Шухрат айылдык кеңештин депутаты макулдугу менен . Кобилов Машрабжон айылдык кеңештин депутаты макулдугу менен. Кабылов Абдизакир айылдык кеңештин депутаты макулдугу менен . Абдижабборов Бобиржон айылдык кеңештин депутаты макулдугу менен . Маматкулова Жаннатай аялдар кеңешинин төрайымы. Назырбаев Сейитбек- айыл өкмөтүнүн башкы адиси

3. Комиссия өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин,башка ченемдик укуктук актыларды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча малекеттик агенттигинин буйругу менен бекитилген жобо жетекчиликке алынсын.

4. Жергиликтүү кеңеш алдында жыл сайын 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап маалымат беруу жаны сунушталган комиссияларга тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Укук жана административдик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары:

Ш. Анарбаев
