# Таш-Булак айыл кеңешинин 2019-жылдын 29-январындагы №17 "Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу эгиндерге түшкөн мал-жандыктарга административдик айып салуу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Таш-Булак айыл кеңешинин 2019-жылдын 29-январындагы №17 "Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу эгиндерге түшкөн мал-жандыктарга административдик айып салуу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/423170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-57690/edition/955980/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Таш-Булак айыл кеңешинин 2019-жылдын 29-январындагы №17 "Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу эгиндерге түшкөн мал-жандыктарга административдик айып салуу жөнүндө"токтому (29.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/423170

---

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VI-ЧАКЫРЫК XVII-СЕССИЯСЫ

2019-жылдын 29-январы №17 Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу эгиндерге түшкөн мал-жандыктарга административдик айып салуу жөнүндө 2011-жылдын 21-декабрындагы №245 мыйзадарынын редакцияларына ылайык Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 185-статьясын жетекчиликке алып ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу эгиндерге түшкөн мал-жандыктарга актынын негизинде административдик комиссиянын чечими менен

а) Ири мүйүздүү малга 1000 (миң) сом,

б) Жылкыга- 1000 (миң)сом,

в) Кой,эчкилерге- 100 (жүз) сомдон айып салууга уруксат берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго жүктөтүлсүн.

Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы:

Шермат уулу Алмаз
